БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованы кызматтан бошотту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы президентке Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда кызматтан бошотууну сунуштаган.
"Сунуштамада судья Эльмира Сулайманова "КР судьяларынын статусу жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын жана КР Судьясынын абийир кодексинин талаптарын бузганы айтылган. Ал мас абалында автоунаа башкарып бара жатып жол кырсыгын шарттаганы белгиленген. Бул факт тиешелүү мамлекеттик органдардын протоколдору менен тастыкталган. Жогоруда жазылгандардын негизинде Элмира Сулайманованы Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койду", — деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 5-январда маалымат каражаттарында "Судья корпоративден кийин жол кырсыгына кабылды" деген кабар видеосу менен жарыяланган. Окуядан кийин Сулайманова ага протокол толтурган автоинспектордун үстүнөн өзү иштеген шаардык сотко арыз жазган болчу.