БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Коронавирус илдети тууралуу эң алгачкылардан болуп эскертүүгө аракет кылган кытайлык дарыгер Ли Вэньлян жуктуруп алган оорудан улам көз жумду. Бул туурасында бейтап дарыланып жаткан ооруканага таянуу менен РИА Новости жазды.
Буга чейин Global Times гезити Ли Вэньляндын өлүмү тууралуу кабарлап, бирок кийинчерээк бул маалымат төгүндөлүп, бейтаптын интенсивдүү терапиядан өтүп жатканы айтылган.
Ухань шаарынын борбордук ооруканасынын социалдык тармактагы баракчасында: "(Ли Вэньлян) жума күнү саат 2.58де көз жумду (Бишкек убактысы боюнча 23.58, бейшемби)", — деп кабарланган.
Ухань шаарынын борбордук ооруканасында иштеген Ли Вэньлян 30-декабрь күнү WeChat социалдык тармагындагы кесиптештерине "деңиз азыктарынын Хуанань базарындагы SARS дартынын жети учуру тастыкталды" деп жазган. Ал жаңы илдет башка түрдөгү вирустарга таандык экенин билген эмес. Линин посту Кытайдын социалдык тармактарында өтө тездик менен жайылып кеткен болчу, анткени эл SARS илдетинин кайтып келишинен коркуп турган.
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрь күнү ДСУга Хубэй аймагындагы белгисиз пневмония дарты жөнүндө маалымат берген. Адистер ооруну 2019-nCoV коронавирусу козгогонун аныкташкан. Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда коронавирустан 563 адам көз жумду. Ал эми жуктуруп алгандардын саны 28 018ге жетти.
Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери