00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Толук жаңылаш керек! Үч-Коргон ГЭСин оңдоого 145 млн. доллар алынат

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүСброс воды на Бурейской ГЭС
Сброс воды на Бурейской ГЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каражатты Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы берип жатат. Кыргыз өкмөтү салыктардан бошотуу менен 15 миллион сомун каржылайт.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 100 миллион доллар алуу пландалууда.

Буга чейин каржы министри Бактыгүл Жээнбаева менен банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн башчысы Кэндис Мак Дэйган насыя келишимине кол койгон. Аталган макулдашууну ратификациялоо үчүн парламенттин кароосуна киргизилди.

Каражаттын 60 миллион доллары насыя, 40 миллиону грант түрүндө болот. Насыя 8 жылдык жеңилдетилген мөөнөт менен 32 жылга берилет. Пайыздык өлчөмү жеңилдетилген мөөнөттө 1 пайыз, андан кийин 1,5 пайыз болмокчу.

Техникалык экономикалык негиздемеге ылайык, ГЭСти модернизациялоого 160 миллион доллар керектелет. Бул үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан кошумча дагы 45 миллион доллар кредит алынат. Калган 15 миллион долларды кыргыз өкмөтү тыштан келген жабдууларды жана кызматтарды салыктар менен жыйымдардан бошотуу түрүндө каржылайт.

"Электр станциялары" ишканасынын директору Айтмамат Назаров электр жабдуулары толугу менен алмаштырыла турганын билдирди.

"Модернизациялангандан кийин электр энергиясын иштеп чыгуу кубаты 180 мегаваттан 216 мегаваттка чейин жогорулайт. Иш негизинен электр-механикалык жабдууларды жана гидроагрегаттарды алмаштырууга, гидротехникалык курулмаларды реконструкциялоого, ГЭСтин суу сактагычын ылайлануудан тазалоого, плотинасын бекемдөөгө багытталат", — деди Назаров.

Япониянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таластагы Үрмарал суусуна көпүрө курууга Япония 16,4 млн. доллар берет
Ошондой эле ал депутаттардын суроосуна жооп берип жатып консультация берген эксперттер үчүн 4 миллион доллар каралганын билдирди.

Консультантарды жана ишти аткара турган подрядчыны Азия өнүктүрүү банкы тендер аркылуу тандайт.

Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилип, андан бери бир да жолу оңдоодон өткөн эмес. Ал Нарын дарыясынын төмөнкү агымында жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0