00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Креативдүү индустрияга салыктык жеңилдиктер кандай максатта берилип жатат?
09:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Риск на работе: где заканчивается обязанность работника и начинается ответственность работодателя
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ичеги-карын оорулары жана рагы: себептери, белгилери, алдын алуу жана дарылоо
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
Государство выбрало пряник вместо палки - замглавы ГНС о налоговых льготах для блогеров, общепита и IT
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Эндоскопиянын жаңы доору: Кыргызстанда аз инвазивдүү хирургия кантип өнүгүп жатат?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аялдар үчүн саякат эмне үчүн маанилүү: жаңы таасирлер жана ички өсүү
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Сүрөтчү-декоратор Молдожан Токтогуловдун тагдыры жана чыгармачылыгы
19:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Баңгизаттар көзөмөлдөбү? Кыргызстан жаңы коркунучка кантип каршы күрөшүүдө
21:05
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абылгазиев Amazon компаниясынын өкүлдөрү менен жолукту

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевРабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Алматы
Рабочий визит премьер-министра Мухаммедкалыя Абылгазиева в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санарип технологияны колдонуп аны экспорттоо боюнча Кыргызстан өзүнө аймактык лидер болуу тапшырмасын койду.

АЛМАТЫ, 31-янв. — Sputnik. КР премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Amazon Web Services компаниясынын өкмөттүк трансформация боюнча жетекчиси Лиам Максвелл менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуу учурунда өкмөт башчы Amazon Web Services компаниясынын ишмердүүлүгү акыркы он жылда экономиканы өнүктүрүүдө үлгү болгонун баса белгиледи.

"Санарип технологияны киргизип, колдонуп жана аны экспорттоо боюнча Кыргызстан өзүнө аймактык лидер болуу тапшырмасын койду. Өлкөнү санариптештирүү Кыргызстандын экономикасын өстүрүп, элдин жашоосун жакшыртат деп ишенебиз.

Кыргызстандын экономикасында өсүш байкалып, элдин жашоосу жакшырарын билебиз. Мындан улам ийгиликке жеткен компаниялар менен кызматташалы деп жатабыз", — деди Абылгазиев.

Глава крупнейшего в мире интернет-ритейлера Amazon Джефф Безос - Sputnik Кыргызстан
Amazon компаниясынын башчысы Жефф Безос 15 мүнөттө 13 млрд. доллар тапты
Премьер-министр Кыргызстан электрондук коммерцияны өнүктүрүү жаатында кызматташууга кызыкдар экенин да билдирди. Ошондой эле киберкоопсуздукту камсыз кылуу да өлкөдө маанилүү экенин баса белгиледи.

"Азыркы тапта өзүбүздүн дата-борбордун курулушунун пайдубалы түптөлдү. Өлкөдө Amazon компаниясынын да дата-борборунун болушуна кызыкдарбыз",— деди өкмөт башчы.

Amazon Web Services компаниясынын өкмөттүк трансформация боюнча жетекчиси Лиам Максвелл өз кезегинде кыргыз тарап менен негизги багыттар боюнча кызматташууга даяр экенин билдирди. Ошондой эле өнөктөштүктү өнүктүрүү үчүн адистерди окутуу долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экенин айтты.

Эске салсак, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Алматы шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0