Жээнбеков кайсы органдардын жетекчилерин жазалоону сунуштады. Тизме

Жазылуу
Жалпысынан 20 мамлекеттик органдын жетекчилигин дисциплинардык жазага тартуу маселеси каралды. Бир аткаминерди жумуштан алуу сунушу дагы айтылды.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков айрым мамлекеттик органдардын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу боюнча Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду.

Коопсуздук кеңешинин жыйыны 24-январда өткөн. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге бир катар жетекчилерге эскертүү берүү, сөгүш жарыялоо, жадакалса бир аткаминерди кызматтан алуу сунушу берилген.

Өкмөт башчыга төмөндөгү жетекчилерге 1-февралга чейин эскертүү берүү сунушталды:

— Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиги;

— Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги;

— Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттиги;

— Мамлекеттик миграция кызматы;

— Мамлекеттик сот-эксперттик кызматы;

— Суу ресурстары мамлекеттик агенттиги;

— Мамлекеттик материалдык резерв фонду;

— Жогорку аттестациялык комиссиясы;

— Экономика министрлигинин алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борбору;

— Маалыматтык технологиялар жана байланыш агенттиги;

"Түндүк" системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун автоматташтыруу, жөнөкөйлөтүү процессин жана биринчи кезектеги маалымат базаларын иштеп чыгууну создуктургандыгы үчүн төмөнкү мамлекеттик органдардын жетекчилерине эскертүү берүү:

— Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

— Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы;

— Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;

— Юстиция министрлиги;

— Мамлекеттик салык кызматы;

— Мамлекеттик каттоо кызматы;

Очередное заседание Совета безопасности КР  - Sputnik Кыргызстан
"Былтыйып отурасыңар!". Жээнбековдун сынынан кийин прокурор иштен алынды
— Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчилигине сапатсыз маалыматтарды бергендиги, ошондой эле мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн эскертүү берүү;

— Өкмөттүн аппарат жетекчисине сунуштарды ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын көзөмөлдөөнүн жана координациялоонун жоктугу үчүн эскертүү берүү;

Сөгүш алгандар:

— Билим берүү жана илим министрлиги — "Мектеп медицинасы — IT-бейтапкана" жана "Акылдуу мектеп" долбоорлорун 2019-жылдын 1-июлунан тартып киргизүү боюнча формалдуу иш жүргүзгөндүгү үчүн. Ошондой эле маалымкаттарды автоматташтыруу процессин жана "Түндүк" системасы аркылуу калкка санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү создуктургандыгы үчүн;

— Өзгөчө кырдаалдар министрлиги — экологиялык жана техникалык коопсуздуктун талаптарына жооп бербеген зыяндуу калдык сактоочу жайларды андан ары иштетүү максатында жеке жактарга өткөрүп берүүгө тыюу салбагандыгы үчүн;

— Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги — "Кара-Кече" көмүр кенин толук экологиялык изилдөө боюнча тапшырмаларга формалдуу мамиле жасагандыгы жана мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашуунун жоктугу үчүн;

Катуу сөгүш алгандар:

ӨКМдин экс-министри Нурболот Мирзахмедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мирзахмедов өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү болуп дайындалды
— Социалдык фонддун жетекчилигине — "Түндүк" системасы аркылуу коммерциялык уюмдар менен маалымат алмашуу процессин негизсиз үзгүлтүккө учураткандыгы, маалымкаттарды автоматташтыруу процессин создуктургандыгы үчүн;

— Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине —сунуштарды канааттандырарлык эмес ишке ашыргандыгы үчүн катуу сөгүш берүү;

Иштен алуу сунушу:

Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан системалуу кызматтык кылмыштарды жасоого алып келген, кол алдындагы адамдардын ишине ведомстволук көзөмөлдүн  жоктугу үчүн аталган инспекциянын директору Жолдошбек Жунушевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0