БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында мас абалында унаа башкарып бара жатып экинчи машина менен кагышты делген судья Элмира Сулайманованы кызматынан бошотуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-1-беренесине ылайык, сот КР судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу зарылдыгы жазылган.
Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөткөн.
"Комиссия сунушту 27-январдагы чечими менен канааттандырып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун деген чечим чыгарды", — деп айтылат маалыматта.
Эми бул чечимдин негизинде судьяны иштен алуу сунушу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлдү.