Коронавирус чыккан Ухань шаарында кыргызстандык канча адам бар экени айтылды

© The Paper via APВоеннослужащие стоят на страже у закрытого железнодорожного вокзала Ханькоу в Ухане, Китае. 23 января 2020 года
Военнослужащие стоят на страже у закрытого железнодорожного вокзала Ханькоу в Ухане, Китае. 23 января 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Абылгазиев эгер мекендештер Кыргызстанга кайтууну кааласа, өкмөт жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Коронавирус пайда болгон Кытайдын Ухань шаарында учурда кыргызстандык 15 адам жашап жатканын Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев билдирди.

Анын айтымында, жарандардын 14ү студент, бирөө ишкер. Бактыга жараша, алардын эч кимисине оору жуккан эмес, сунуштамага ылайык көчөгө чыкпай, жатаканада жатышат.

"Мекендештер менен тыгыз байланышта болуп жатабыз. Негизи оору чыккан Ухань шаарында Кыргызстандын 50гө жакын жараны болгон. Алардын көпчүлүгү — студенттер. Бирок басымдуу бөлүгү каникулдан улам Кыргызстанга же Кытайдын башка шаарларына чыгып кеткен экен", — деди Ниязалиев.

Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оюн-зоокторду кыскарталы! Министрлик вирус боюнча кыргызстандыктарга кайрылды
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эгер алар Кыргызстанга кайтууну кааласа, өкмөт жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Учурда авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Эгер кандайдыр бир суроолор болсо, жарандар Кытайдагы дипломатиялык өкүлчүлүктүн номерлерине кайрылса болот: (86) 132 60-20-36-80; (86) 135-81-90-28-01. Мындан сырткары, Бишкектеги Консулдук департаменттин WhatsApp номерине да байланышса болот: 0551 31 20 00.

Соңку маалымат боюнча, Кытайда жаңы типтеги коронавирусту жугузуп алып каза тапкандардын саны 80 кишиге жетип, 2744 адам ооруп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0