"Ош" жана "Манас" аба майдандарын тышкы башкарууга берүү пландалууда

Жазылуу
Биринчи вице-премьер мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында эки аэропорт иштетүүгө берилерин билдирди, бирок кимдерге экендигин тактаган жок.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын аэропортторун, анын ичинде "Ош" жана "Манас" ири аба майдандарын тышкы башкарууга өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу өкмөттүн отурумунда биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, декабрь айында аталган аэропортторду тышкы башкарууга берүү долбоорунун даярдык иши аяктаган. Алар мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында берилмекчи.

Боронов аэропорттор кимге өткөрүп берилерин тактаган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0