Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Байбакпаев: туристтер мылтык менен эмес, фотоаппарат менен келгени жакшы

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Жогорку Кенеша Экмат Байбакпаев
Депутат Жогорку Кенеша Экмат Байбакпаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаты, сейрек жаныбарларды атууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоордун демилгечиси Экмат Байбакпаев "Жаныбарларды атууга тыюу салган мораторий" кабыл алынса, Кыргызстандын аброю өсөрүн айтты.
Байбакпаев: туристтер мылтык менен эмес, фотоаппарат менен келгени жакшы

Кыргызстанга чет элдик туристтер мылтык менен жаныбарларды атуу үчүн эмес, фотоаппарат менен келип, жергиликтүү табиятка суктанып кеткени жакшы. Мындай пикирин Экмат Байбакпаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаныбарларды атууга тыюу салган мораторий 5-10 жылга кабыл алынса жапайы жандыктардын, алардын ичинде Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү илбирстин да саны көбөйөт.

"Бүгүнкү күндө ак илбирсти сактоо багытында көптөгөн аракеттер көрүлүп, ар кандай иш-чаралар өтүп келет. Ошондой эле эл аралык уюмдардан да илбирсти коргоо үчүн атайын каражат бөлүнүүдө. Мунун баары жакшы көрүнүш. Бирок ошол эле учурда жапайы жаныбарларга аңчылык кылгандардын саны жыл санап өсүүдө. Мергенчилер чет өлкөлөрдөн бери келип тоо теке, аркар, кулжага чейин атып жатышат. Бул бийик чокуларда күн кечирген илбирстердин азыгынын азайышына алып келүүдө. Ошол себептен жырткычтар ылдый түшүп, үй жаныбарларына кол сала баштады. Мындан улам "Жаныбарларды атууга тыюу салган мораторийди" киргизүү керек. Ал кеминде 5-10 жыл иштеп берсе жапайы жаныбарлардын да саны көбөймөк. Айлана-чөйрөнү коргоо багытында өлкөнүн аброю да эл аралык деңгээлде жогорулайт. Чет өлкөлүк туристтер Кыргызстанга мылтык менен эмес, фотоаппарат менен келип жергиликтүү табиятка суктанып кетсе, дүйнө жүзүнө маданияты жогору мамлекет катары таанылат элек", — деди Байбакпаев.

Эл өкүлү демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунун алкагында Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доӊуз сыяктуу жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0