00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы

Жазылуу
Евгений Меркулов мамлекеттик коопсуздук комитетинин чек ара бөлүктөрүндө 30 жылдан ашык эмгектенген. 82 жаштагы ардагер бир нече жылдан бери аскер кызматкерлеринин пенсиясына кошулуучу паёктук акчасын ала албай келет.

Өмүрүн куралдуу күчтөргө арнап, ден соолугунан айрылган инсан көптөгөн мамлекеттик мекемелерге кайрылып, майнап чыгара алган эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын окуясынын чоо-жайын тактап көрдү.

Евгений Меркулов эмгек жолун советтик жоокерлердин катарында Литванын Вильнюс шаарынан баштап, Мамлекеттик коопсуздук комитетинин атайын бөлүмүндө иштеген. Атайын даярдыктагы бөлүктүн жоокери СССРдин курамындагы өлкөдө бандитизм жана улутчул топторго каршы иштеген. Кийинки жылдары Түркмөнстанда кызмат өтөп, Кытай менен Советтер Союзунун ортосунда Даманский аралында болгон чек ара чатагына да катышкан. Оор шартта кызмат өтөгөн Меркулов 1982-жылы бут оорусуна байланыштуу атайын кызматтан кетип, Кыргызстанда беш жылдай Никарагуа менен Афганистандын жоокерлерин окутуп, 49 жашында пенсияга чыккан.

© Sputnik / Эмиль СадыровЕвгений Меркулов мамлекеттик коопсуздук комитетинин чек ара бөлүктөрүндө 30 жылдан ашык кызмат өтөгөн
Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы - Sputnik Кыргызстан
Евгений Меркулов мамлекеттик коопсуздук комитетинин чек ара бөлүктөрүндө 30 жылдан ашык кызмат өтөгөн

Атайын кызматта иштеп ден соолугунан айрылган ардагер кийин Бишкек шаарындагы мектептерде 20 жылдай аскерге чейинки даярдык сабагынан жаштарды окуткан. Ал азыр ара жолдо колдоосуз калып, аскер кызматкерлеринин пенсиясына кошулуучу өзүнө тиешелүү паёктук акчасын ала албай келет.

Меркуловдун айтымында, ардагер мамлекеттик мекемелерге кайрылып, майнап чыгара алган эмес.

 

© Sputnik / Эмиль СадыровБорбор калаадагы мектептерде 20 жылдай аскерге чейинки даярдык сабагынан жаштарды окуткан
Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы - Sputnik Кыргызстан
Борбор калаадагы мектептерде 20 жылдай аскерге чейинки даярдык сабагынан жаштарды окуткан
"Куралдуу күчтөрдө 30 жылдай, билим берүү тармагында 20 жыл эмгектендим. Ошентип жалпы мен мамлекетке 50 жылдай иштеп бердим. 1996-жылдан 2012-жылга чейинки 88 миң сомдой паектук төлөмдөрдү ала албай калгам. Туумдары 645 миң сом болсо, индексациясы 236 миң сомго чейин жеткен. Ошентип өкмөт 970 миң сомдун тегерегиндеги акчаны берген жок. Мен паектук 88 миң сомумду эле бергилечи деп сурандым. Кайда гана кайрылып, кимдин гана эшигин какпадым, жыйынтык чыккан жок. Мамлекет көп жылдык эмгегимди ушунтип баалап ыраазылыгын билдирди", — деди Меркулов.

Буга чейин Юстиция министрлигинин мамлекеттик соттук-экспертиза борбору жабырлануучунун кайрылуусун карап чыккан. Финансы министрлиги ал акчаларды төлөп берүүсү керек деген бүтүм чыгарып, Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык соттору пенсионердин даттануусун канааттандырган. Бирок Финансы министрлиги ал каражатты бербей, бир нече ай өткөндөн кийин Жогорку сот ишти кайра райондук соттун кароосуна жиберип, иш төрт жылдан соң гана 2016-жылы кайра каралып, акчаны мамлекет төлөбөйт деген чечимди чыгарган.

© Фото / из личного архива Евгения МеркуловаМеркулов СССРдин курамындагы Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Россия, Литвада эмгектенген
Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы - Sputnik Кыргызстан
Меркулов СССРдин курамындагы Кыргызстан, Түркмөнстан, Казакстан, Россия, Литвада эмгектенген

Учурда полковник, УКМКнын ардагери байбичеси менен бирге түтүн булатып келет. Жубайынын буту сынып дарыланууга муктаж болуп турган кези. Жалгыз жашаган жубайлар соттук териштирүүлөрдөн чарчагандыгын айтышат.

"Сот, прокуратура органдарына кайрылып жыйынтык чыккан жок, өзүмдүн көп жылдык эмгегимдин аркасында берилчү тыйынды да ала албадым. Президент, өкмөт башчы, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун төрагасына чейин кат жаздым. Кыргызстанда канчалаган керектүү адистерди даярдап, ата мекенге кызмат кылдык, бирок мамлекет мени сызга отургузду. Териштирүү маалында "төлөнгөн акча жакпаса Россияга кете бер. Сенин мүрзөгө кетчү убактың келди, өлүп тынсаң болот эле" деген сөздөрдү да уктум", — деди ал.

© Sputnik / Эмиль СадыровТөшү медаль, ордендерге толгон ардагер пенсиясы менен үй-бүлөсүн багып келет
Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы - Sputnik Кыргызстан
Төшү медаль, ордендерге толгон ардагер пенсиясы менен үй-бүлөсүн багып келет

Төшү медаль, ордендерге толгон ардагер 12 миң 224 сомдун айланасындагы пенсиясы менен үй-бүлөсүн багып келет. Азыр ал акчаны тамак-ашка, коммуналдык төлөмдөргө, дары-дармектерге жеткизе албастыгын да кошумчалайт.

Ал эми Финансы министрлиги Меркуловдун паёктук төлөмдөрүнө байланыштуу соттук чечимге таянып, пенсионерге акча төлөнбөй турганын айтты.

"Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө Евгений Меркулов Биринчи май райондук, Бишкек шаардык жана Жогорку сотто утулган. Анын арызын фемида өкүлдөрү канааттандырган эмес. Финансы министрлигинин 1996-жылдан бери бир да пенсионерге паёктук төлөм боюнча карызы жок", — деп жооп беришти.
© Фото / из личного архива Евгения МеркуловаУлгайган аскер кызматкери Бишкекте байбичеси менен түтүн булатып келет
Өлүп тынсаңар болот эле... Паёктук төлөмдөрүн ала албаган ардагер Меркуловдун азабы - Sputnik Кыргызстан
Улгайган аскер кызматкери Бишкекте байбичеси менен түтүн булатып келет

Ошол маалда КР Акыйкатчысынын алдындагы аскерлердин укуктарын коргоо боюнча кеңеш паёктук акчаларын ала албаган пенсионерлер толтура экендигин белгилейт. Кеңештин маалыматына ылайык, буга чейин паёктук акчасын ала албаган 890 адам сотко кайрылган. Алар өкмөттөн жалпы 700 миллион сомго жакын акча доолап, бирок ардагерлердин басымдуу бөлүгү сотто утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0