00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дагы бир жолу тарых жаңырткым келет. Айсулуу Тыныбекованын маеги видеодо

Жазылуу
Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова Италияда өткөн Matteo Pellicone эл аралык турниринен алтын медаль уткандан кийин Бириккен күрөш уюмуна интервью берди. Спортчунун маеги уюмдун You Tube каналына жайгаштырылды.

Ал жаңы жылдан кийин ооруп калып алиге чейин толук айыга электигин, мындан улам килемге чыкканда бар күчүн жумшай албай калганын айтты. Мындан ары дагы Азия чемпионатына жана башка турнирлерге катышуу ниети бар экенин билдирди. Эң башкысы, Олимпиададан алтын медаль атууга катуу даярданып жатканын баса белгиледи.

Спортчу кечээ, 16-январда, эл аралык мелдештин жеңүүчүсү болуп кыргызстандыктарды дагы бир ирет кубандырды. Ал эми 12-январда Стамбулда болгон Yasar Dogu 2020 эл аралык турниринде да баш байгени багындырган. Жалпылап айтканда, Тыныбекова төрт күндүн ичинде эки алтын медаль тагынды.

Айыга электе килемге чыгып кыйналдым

Биз 2019-жылы, өзгөчө Дүйнө чемпионатынан кийин, катуу даярдандык. Жаңы жылдан кийин мен бир аз ооруп калдым. Ошондон бери толук айыга элек болчумун. Ага карабай былтыр ушул мелдештерди пландап койгондуктан катышып жатабыз. Бүгүнкү күндө абалым орточо экенин сезип жатам. Чынын айтканда, формама келе элекмин, оюмдагыдай күрөшө албай калдым.

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жума өтпөй дагы алтын алды! Тыныбекованын Италиядагы кармаштарынын видеосу
Чечүүчү беттештин алдында дагы абалым жакшы эмес болчу. Машыктыруучум менен сүйлөшүп, финалга чыгуудан баш тартсакпы дегенбиз. Себеби бутумда да бир аз жаракат бар эле. Бирок түштөн кийин үч-төрт сааттын ичинде оюмду топтоп, аяк-башымды жыйнап, чыйралып килемге чыгып кеттим. Толук айыкпай, абалым начар болгондуктан ашыкча энергия колдонбой, күчүмдү сактап тургам. Беттеш минтип бат эле бүтүп каларын күткөн эмесмин. Россиялык атаандашым да аябай күчтүү, бирок жаракат алгандыктан биринчи бөлүктөн кийин өзүн таштап салды. Башында эле анын мурдуна сокку тийип калды. Көрсө, анын буга чейин да жаракаты болгон экен.

Биринчи беттеште ачыла алган жокмун

Биринчи беттеште колдорум, буттарым иштебей ар тарапта тургандай сезилип, бар күчүмдү жумшай албай жаттым. Денем уктап калгандай туюлуп ачыла албай койдум. Ошол учурда машыктыруучум мен ойгонуп, катуу кармашка киришүү үчүн кыйкырып жатты. Негизи башында эле кытайлык балбанды жеңериме көзүм жеткен, өзүмө болгон ишенимди аягына чейин жоготкон жокмун. Ал эки упайлык айырма менен алдыда кетип жаткан. Мен аягына чейин көп күч коротпой ыңгайлуу учурду күтүп жаттым. Ошондо ыкма жасасам упай берилерин да, убакыт дагы бүтөрүн билдим.

Дагы мелдештерге катышам

Биздин календарлык план боюнча кийинки мелдешибиз Индиянын Нью-Дели шаарында өтө турчу Азия чемпионаты. Андан соң чет өлкөдөгү машыгуулар, эл аралык турнирлер болот. Кыздарыбыз Олимпиадага лицензия алуу үчүн Кытайга барып күрөшүшөт.

Олимпиададан алтын утуп, тарых жараткым келет

Представлен трейлер документального фильма об Айсулуу Тыныбековой - Sputnik Кыргызстан
Айсулуу Тыныбекова жөнүндө тартылган даректүү тасманын трейлери чыкты
Бул жылы эң негизги максатым — Токио Олимпиадасы. Биз бул үчүн көп жолду бастык. Буга чейин Лондон жана Рио-де-Жанейродогу эки Олимпиадага катышкам. Анда өзүмдүн кетирген каталарымдан улам медаль ала албай калгам. Менин куржунумда бир эле Олимпиаданын медалы жок. Ал жөн гана медаль эмес, алтын болушун каалайм. Себеби бардык кыргызстандыктар менден ушуну күтүп жатат. Биздин өлкө эгемендүүлүктү алгандан бери Дүйнө чемпионатынан жана Олимпиада оюндарынан эч ким алтын уткан эмес. Андыктан дагы бир жолу тарых жаңырткым келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0