БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Транспорт башкармалыгы сегиз кесилишке жол чырак орнотуу үчүн тендер жарыялады.
Жаңы жол чырактар үчүн 4 миллион 100 миң 488 сом каралган. Тендерге катышуу үчүн арыздар 16-январга чейин кабыл алынат.
Жол чырактар орнотула турган кесилиштер:
- Щербаков менен Орозбеков;
- Ауэзов менен Көлбаев;
- Садыгалиев менен Жамгырчинов;
- Дэн Сяопин менен Костанай;
- Асаналиев менен Алтымышев;
- Махатма Ганди көчөсү, ИСИТОнун маңдайы;
- 7-апрель көчөсү, Улан-2 кичирайонунун каршысы;
- №4 кичирайону, №17 мектептин жаны.