00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Сулеймани менен коштошууда 50дөн ашык адам тепсендиде калып көз жумду

© AFP / ATTA KENAREЦеремония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране
Церемония прощания с убитым генералом Сулеймани в Иране - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтарда 200дөн ашуун кишинин жабыркаганы айтылган. Каза болгондор негизинен эркектер экени анык болду.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. Иранда генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатып жатканда кишилердин түртүшүп, жөөлөшүүсүнөн 50дөн ашуун адам тепсендиде калып каза тапты. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Маалыматтарда 200дөн ашуун кишинин жабыркаганы айтылган.

"Бул окуяда каза тапкандардын саны 50дөн ашкан. Алар негизинен эркек кишилер экендиги анык болду", — деп билдирген Керман провинциясынын соттук медицина уюмунун башчысы Аббас Амиян.

Ирандык генерал менен коштошуу анын туулган шаары Керманда шейшемби күнү эртең менен башталган. Жергиликтүү басылмалар аны менен коштошууга келгендердин саны арбын болгондуктан жерге берүү зыйнаты жылдырылган.

 АКШнын коргоо министри Марк Эспер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ирак АКШ аскерлерин аймактан чыгарууну талап кылууда. Пентагон ага каршы
Эскерте кетсек, 3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан.

Ирак бийлиги болсо өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алды.

Ал эми аны менен коштошуу учурунда генералдын кызы Зейнаб Сулеймани өз сөзүндө америкалыктарга "азалуу күн" убада кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0