Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунда тоолордун корунушу. Архив
Ысык-Көл облусунда тоолордун корунушу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. 

Баллон көтөрүп бараткан бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда машинага баллон байлап муз тепкен балдарды унаа тебелеп кетти
Жекшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8 градус, Ысык-Көлдө 0...+5 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Нарын өрөөнүндө -8...-13 градус суук болору айтылды.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы +5...+7 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0