Эмнени ойлондуң? Путиндин телефон чалганын айтпай койгон генерал Трамптан тил укту

© REUTERS / Leah MillisАКШ президенти Дональд Трамп. Архив
АКШ президенти Дональд Трамп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2017-жылдын 27-январы. Трамп шайлоодон утуп, Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Ак үйдө түшкү тамакта отурган. Тереза Мэй андан "Путин чалдыбы?" деп сураганда, Трамп "жок" деген таризде башын чайкап койгон.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп 2017-жылы Россия лидери Владимир Путиндин чалганын ага айтпай коюшканы үчүн Пентагондун чалгындоо башкармалыгынын жетекчиси Майкл Флинн менен Ак үйдүн аткаминерлерин катуу урушкан. Бул тууралуу америкалык журналист Питер Бергендин "Трамп жана анын генералдары" аттуу жаңы китебинде жазылганын Business Insider басылмасы жарыялады. 

Журналист Бергендин жазгандарына караганда, 2017-жылы 27-январда Трамп шайлоодон утуп, Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Ак үйдө түшкү тамакта отурган. Тереза Мэй "Путин чалдыбы?" деп сураганда, Трамп "жок" деген таризде башын чайкап койгон. Ошол учурда Флинн ага ийилип, орус лидери бир нече күн мурда чалганын айткан.

Ежегодная большая пресс-конференция президента РФ В. Путина - Sputnik Кыргызстан
Трамптын азыр кетерине көзүм жетпейт. Путин АКШ лидеринин импичменти тууралуу
Флинндин жообуна ачуусу келген Трамп аны жана башка резиденциянын аткаминерлерин урушкан.

"Эмне, тамашалап жатасыңбы? Владимир Путин мага чалууга аракет кылса, сен мага телефонду бербей койдуңбу? Эмнени ойлондуң?" — деп китепте Трамптын сөздөрү келтирилген.

Флинн актанууга аракет кылып, Ак үйгө акыркы күндөрү көп чалуу болгонун билдирген. Бирок Трамп анын актануусун уккусу да келген эмес. АКШ башчысы Путинди "АКШны жок кылууга күчү жете турган жер жүзүндөгү жападан жалгыз адам" деп атаган.

Путин менен Трамп биринчи жолу телефон аркылуу 2016-жылдын ноябрь айында сүйлөшкөн. Анда эки лидер АКШ менен Россиянын алакасын бекемдөө боюнча биргелешип иштөө тууралуу кеп кылышкан. Орус жана АКШ лидерлери алгачкы ирет 2017-жылдын 7-июлунда Германиядагы саммитте жолугушкан.

Отставкадагы генерал-лейтенант Майкл Флинн 2017-жылдын 20-январынан 13-февралына чейин өлкө башчынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0