БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Алмамбет Шыкмаматов "Ата Мекен" фракциясынын лидерлигинен мурда сүйлөшүлгөн келишим боюнча кетти. Бул тууралуу партия лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Шыкмаматов партиянын келишими боюнча 2,5 жыл иштеп, депутаттык ордун Нурбек Сыдыгалиевге өткөрүп бермек.
"Шайлоодо Нарын облусунда Шыкмаматов да, Сыдыгалиев да иштеп, добуш алып келди. Экөөнүн ортосундагы келишим боюнча Шыкмаматов 2,5 жыл иштеп ордун бошотуп бермек. Бирок ортодо анын башына мүшкүл түшүп, иш козголуп, мен камалып, партия куугунтукталып жатканда мандатын алып коюу аны жардан ары түртүп, өлгөнгө көмгөн кылганга барабар эле. Ошол үчүн Сыдыгалиев мандатын талап кылган эмес. Экөө дос, бир жерден чыккан адамдар. Мындан бир топ убакыт мурун баарыбыздын көзүбүзчө мандатын Сыдыгалиевге өткөрүп берем деп чечкен. Бирок анын алдындагы талапкерлер кезегин бербей, сүйлөшүүлөргө бардык", — деди Текебаев.
Ал Шыкмаматов экөөнүн ортосунда пикир келишпестик болбогонун кошумчалады. Мындан сырткары, ал Шыкмаматовдон партиядан чыгуу боюнча арыз түшө электигин белгилеп, жазган чакта да кабыл албай турганын билдирди.
"Партиядан кетирбейбиз. Ал — партиянын бир бөлүгү, кантип кетирип жибермек элек", — деди Текебаев.
Эскерте кетсек, бүгүн "Ата Мекен" фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов партия лидери Өмүрбек Текебаев менен жаралган пикир келишпестиктен улам партиядан кеткенин айтып, мандатын тапшырган. Анын ордуна Нурбек Сыдыгалиев келди. Ал эми фракция лидери болуп Айсулуу Мамашова шайланды.