Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы турак үй. Архив
Бишкек шаарындагы турак үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
20-декабрда республикада жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. 20-декабрь, жума күнү, түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Нарын жергелеринин кээ бир өрөөндөрүндө кар жаайт. Ал эми күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир аймактарына туман түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге чейин жетет.

Билдирүүгө ылайык, абанын температурасы Талас менен Чүй өрөөнүндө +2…+7, Ысык-Көлдө 0…+5, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +4…+9 градус жылуу болсо, Нарында -3…-8 градус суук болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн табы борбор калаада +5…+7 градуска чейин көтөрүлсө, Ошто абанын температурасы +6…+8 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0