Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктердин берген маалыматы боюнча, түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-дек. — Sputnik. Шейшемби күнү, 17-декабрда, күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүн табы Чүйдө +1...+6, Талас аймагында 0…+5, Ысык-Көлдө -2...+3, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +3...+8 градус жылуу, Нарын жергесинде -3…-8 градус суук болот.

Бишкек, Ош шаарларында күн ачык болуп, абанын температурасы борборубузда +2...+4 градус болсо, Ошто +4…+6 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0