БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Союзмультфильм" студиясында "Умка" мультипликациялык лентанын үчүнчү бөлүгүнүн ачылышы болгонун РИА Новости жазды.
Иш-чарага Россиянын маданият министринин орун басары Павел Степанов катышып, "Умканын" чыкканына 50 жыл өткөнүнө карабастан ал көрүүчүлөрдүн кызыгуусун тараткан жок деп эсептерин айтты.
Ак мамалак тууралуу картина 17-декабрда Ivi онлайн кинотеатрында көрсөтүлсө, ал эми 23-декабрында "Союзмультфильмдин" расмий YouTube каналына чыгат.