Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
14-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Ишемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт. Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда зымдарга жана бактарга суу кар жабышат. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Күндүн табы Чүйдө -4...+1, Талас аймагында -3…+2, Ысык-Көлдө -2...+3, ал эми Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында 0...-5, Нарын жергесинде -2…-7 градус суук болот.

Бишкекте кар жаайт. Борбор калаада абанын температурасы -1...+1 градус болсо, Ош шаарында жамгыр, кар жаап +2…+4 градус жылыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0