БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Өзбекстандан UFC уюму менен алгачкы ирет келишим түзгөн Махмуд Мурадов кезектеги кармашында америкалык Тревор Смитти нокаутка кетирип, утуп алды.
#UFCDC KO OF THE NIGHT 💥🥊
— Odds Shark (@OddsShark) 8 декабря 2019 г.
There’s a reason Makhmud Muradov was a heavy -450 favorite against Trevor Smith.
pic.twitter.com/ByvdSLkVRt
Бүгүн, 8-декабрга караган түнү, Вашингтондо (АКШ) UFC on ESPN 7 турнири өттү. Мелдештин алкагында өзбек мушкери үчүнчү раундда сол колу менен каршылашын жаак тушка урган. Смиттин тиш кабы ыргып, жерге сулап түшкөнүн көрүүгө болот. Калыстар беттешти токтотууга аргасыз болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Махмуд Мурадов UFC уюмунда күч сынашкан биринчи өзбекстандык мушкер. Аталган компания менен келишимди быйыл түзүп, ушуну менен экинчи беттешин өткөрдү. Алгачкы кармашын Копенгаген шаарында 28-сентябрда UFC Fight Night 160 мелдешинин алкагында италиялык Алессио ди Кирикону жеңген.