Ошол кечте оператор ат майдандагы кырсыкты капыстан тасмага түшүрүп калган. Тасмада чабандестердин бүт күчү менен ат чаптырып баратканы көрүнөт. Боз аттын үстүндөгү кыздын баш кийими ыргып кетет. Бийкеч колун силкип коюп, тизгинди кайра колго алган. Көз ирмемчелик убакыттан соң үрөй учурган кырсык болуп, үч ат кагышат. Анда жанагы боз ат минген чабандес баарынан көп жабыркайт... Эми ал өлкөнүн намысын коргоп чыга албай калды, ушул тапта ага майыптык боюнча документтер даярдалууда.
Үч кыргызстандык чабандес Сауд Аравиясындагы ат майданда 2019-жылдын 8-мартында кагышкан. Эки кыз дээрлик жабыркаган эмес, бирок Светлана Ашированы тезинен ооруканага жеткирүүгө туура келген.
"Бутум эмне болгонун деле көрбөдүм, бирок абалым оор экенин түшүнүп турдум. Улам жаныма келген кишилер бутумду көрүп эле үрөйлөрү учуп: “Кашайгырдыкы!” – деп кыйкырып жатышты. Оорудан онтоп, сыздап ыйлап, Курандан сүрөлөрдү окуп жаттым. Көрсө, катуу урунганда тиземден ылдый бутум аркадан алдыга карап калыптыр. Кулакка да жаман угулат, көрсөңүз үрөй учурат. Кийинчерээк бутумдун сөөгү талкаланып, күкүмдөлүп калганын айтышты", — деп эскерет жабыркаган кыз.
Кырсыктын аягы ырбап, жаңжалга айланган. Аширова уюштуруучуларды шалаакылыкка айыптаса, алар каскадёр кыздын айткандарын “карандай калп” деп төгүндөйт. Sputnik Кыргызстан чиеленишкен бул окуянын чоо-жайын териштирип көрдү.
Бут сөөгүм күкүмгө айланып калган. Светлананын баяны
Светлана Аширова окуяны ийне-жибине дейре баяндап берди. Каргашалуу ошол кечте чабандестер соңку даярдыкка чыккан. Шамал менен жарышкандай ылдамдыкта баратышканын эстейт.
"Негизи андай учурларда коопсуздукту карагандар тилкенин таптакыр бош болушуна байкоо салууга тийиш эле. Дал маңдайыбызда атчан кыз туруптур. Ага жолдон чык деп кыйкырдык, бирок далысын салып тургандыктан, бизди уккан жок. Кийин кимдир бирөө ал кыздын ошол маалда селфи тартып жатканын айтты. Мен минген ат дал ошол кызды карай чуркап баратты, солго да, оңго да бура албай калдым. Тегеректе бүт чабандес кыздар болчу", — деди ал.
Кырсыкта кыздын буту кыпчылып калган. Жаачыны ошол замат ооруканага жеткиришет. Врачтар ага 4-даражадагы Шацкер сыныгы — буту кысылып, сөөгү талкаланган деген диагноз коюшат.
"Рентгенолог бутумду карап чыкты, ал убакта укмуштай шишип кеткен. Анан да өңү бузулду. Төрт врач кирип келди. Рентгенге тартыш үчүн бирөө бутумду буруп жатканда, калган үчөө мени кармап турушту. Жан чыдагыс оорудан бир башкача кыйкырып алганымды билем, анан эс-учумду жоготупмун", — деп эскерет ал.
Светлананын айтымында, врачтар создуктурбастан операция жасоону айтышат, бирок каскадёр кыздын медициналык камсыздандыруусу жок болуп чыгат. Акысы асман чапчыган дарылоонун чыгымын ким көтөрөт деген суроо туулат ошондо.
"Башка өлкөлөргө көп чыккам, врачтар адегенде бейтаптын документтерин сурап, анан гана көмөк көрсөтүшөт. Кыргыз тарап мага медициналык камсыздоону жасаткан эмес экен, врачтар ансыз операция кыла алышпасын айтышты. Кандай коркконумду элестете да албайсыздар!", — деп эскерет Светлана.
Ашированын медициналык камсыздандыруусу болбогондуктан, операция жасалбай төрт күн жаткан. Ага улам морфий сая беришкен экен, себеби оорусу адам чыдагыс эле. Спортчунун айтымында, башта уюштуруучулар келип кабар алышкан да эмес.
"Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын президенти Асхат Акибаев биздин элчиликтин кызматкери кайра-кайра телефон чалгандан кийин гана келген. Операцияны дагы бир аптага жылдырып турууга болор-болбосун сураган. Үрөйүм учуп, андан көрө мени дароо өлтүрүп салышсын дегем. Ошондо врачтар мага болуша кетишти. Алар бутумду кесүүгө туура келиши мүмкүн экенин, эми күтүүгө болбой турганын айтышкан", — деди Аширова.
Светланага акыры сауд аравиялык тарап жардамга келген. Дал ошолор 70 миң доллар турган операциянын чыгымын көтөргөн.
"Жетекчиси мага келип: "Эгер кыргыз тарапты күтсөк, сизди жоготуп алышыбыз ыктымал. Келиңиз, күтпөй эле коёлу, бардык чыгымды мен өз мойнума алайын", — деди. Айтор, биздикилер төлөп бериши керек эле дегенди кыйыткан", — дейт Аширова.
Анын айтымында, врачтар 18 металл бурама, 18 штифт (металл өзөкчө) жана эки пластина менен бутун кайра жасагандай эле болушкан. Спортко Светлана Аширова эми эч качан кайтпайт. Ага азыр майыптык боюнча документтер топтолууда.
Өзү чатак инсан. Уюштуруучулар эмне дейт?
Сауд Аравиясында өткөн “Көчмөндөр ааламы” шоусуна 90 өлкөдөн спортчулар катышкан. Иш-чараны өткөрүүгө Сауд Аравиясы каражат бөлгөн, бирок уюштуруу жагын кыргызстандыктар — Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясы колго алган.
Анын орун басары — Нурмат Кайыпов. Ал туурасында жалпыга маалымдоо каражаттары 2010-жылы жазып чыгышкан. Ал кезде Кайыпов Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугунда атташе болуп иштеген. Ошол учурда кызыл жанып турган жол чырактан өтүп, жол кайгуул кызматынын колуна түшкөн. Рулдагы дипломаттын өзү кызуу экени катталган. ЖМКдагы маалыматтар боюнча, Нурмат Кайыпов — мурдагы юстиция министри Марат Кайыповдун уулу.
Конфедерациянын өкүлдөрү президент Сооронбай Жээнбековдун атына кат менен кайрылып, Светлананын айткандарынын баары “карандай калп” деп төгүндөп, өз дооматтарын келтиришкен.
"Азыр аны менен эч кимдин иштешкиси келбейт, себеби мүнөзү татаал, адамдар менен тил табыша албайт, иш маалында жеке дымагын жана каалоосун топтун жана коомдун кызыкчылыктарынан өйдө коёт", — деп жазылган кайрылууда.
Уюштуруучулардын версиясы Светлананын сөзүнөн кескин айырмаланат. Алардын айтымында, спортчу атка минүүгө таптакыр акысы жок болчу. Аширова мурда бардык ири иш-чараларда ат үстүндөгү жаачы катары катышканына карабастан, Сауд Аравиясына ал бийчи катары барган дешет уюштуруучулар.
"Ал туурасында эч нерсе уккан эмесмин, аны мага жаачы катары тааныштырышкан. Ат үстүндө трюктарды аткара турганын эч ким айткан эмес, бирок көрсө бардык каскадёрлор аны таанышат экен. Ал бир нече каскадёрдук федерацияны алмаштырыптыр, бир тобу менен урушуп кеткен, абдан чатак кыз. Каскадёрлор аны билишет, бирок аны баалап, сыйлашат деп айтпас элем", — дейт Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын вице-президенти Нурмат Кайыпов.
Ал документ боюнча спортчу кыз “Салбуурун” федерациясынын курамында экенин айтты. Башкача айтканда, Аширова мергенчилик оюндарды куш, тайган менен жана жаа атып көрсөтмөк. Атка мине турганы боюнча айтылган эмес дешет.
Бирок эгер Светлананын атка минүүгө эч кандай акысы болбосо, соңку даярдык өтүп жаткан ат майданга кандайча чыгып калды?
Уюштуруучулардын айтымында, ал каскадёрлорго ат таратып жаткан сауд аравиялык ишкерге ыйлактап жатып ат сурап алган.
"Араб өкүлү ал кызга ат берилбей турганынан кабардар эмес болчу. Светлана даярдыкка башкалардыкындай костюм кийип келген. Спортчу ишкерге ат майданга эмес, ат сарайдан алыс барарын айткан. Ошондо оюнга жарабайт деген, кыздар тургай, эч кимге минүүгө уруксат берилбеген ат калган болот. Араб киши ага ошол атты карматкан", — дейт Кайыпов.
Дагы бир маанилүү суроо: каскадёрдук программага катышпай турган Аширова кандайча болуп ат майданга чыккан? Эреже боюнча талаада башка киши болбоого тийиш. Каскадёрлор федерациясынын жетекчиси Ракат Бердикеев кийин окуяны сүрөттөгөндөй, алар кырсыктын алдын алууга үлгүрбөй да калышкан.
"Ошол маалда старттык аянтчада туруп, атчан каскадёрлорду программага ылайык аралыкка жөнөтүп тургам. Капыстан эле ат үстүндөгү Светлана Ашированы көрүп калдым, бирок токтотууга жетишпей калдым. Ал жетекчилердин көрсөтмөсүн, уруксатын албастан трюк аткарууга чаптырып кетти", — дейт ал.
Айтмакчы, эгер Бердикеевдин айткандары жөндүү болсо, анда эрежени бир убакта бир нече киши бузган. Ал учурда “Кыз куумай” боюнча даярдык көрүлүп жаткан. Ар бир спортчу түгөй менен чыгышы керек, демек, Светлана Ашированын да өнөктөшү болгон, ал каскадёр Арсен Дедиев эле.
"Мурда иштешип жүргөн Светлана Аширова кайрылып, “Кыз куумайга” чогуу чыгууну өтүндү. Макул болдум", — дейт ал. Светлана өзү бул версияны четке кагат.
"Маданият, маалымат жана туризм министринин мурдагы орун басары Айнура Темирбекова “атка өзүм билемдик менен минген” деп жазганын укканда жаакка бир жегендей эле болдум. Негизи мен төрт номерге катышарым пландалган", — деп күйүнөт ал.
Спортчу белгилегендей, кырсык коопсуздук техникасы одоно бузулгандыктан болгон.
Өздөрүн өздөрү камсыздандырып алышса болмок. Уюштуруучулардын жообу
Эң орчундуу собол туулат: эмнеге Сауд Аравиясына медициналык жактан камсыздандырбай туруп миңден ашуун кыргызстандыкты алып барышкан? Алардын арасында өтө кооптуу трюктарды аткара турган да каскадёрлор болгон эмеспи. Ашированын айтканына караганда, камсыздандыруунун жоктугунан улам операция дароо жасалган эмес, клиника төлөмдүн кепилдигин күткөн.
Бүтүндөй иш-чараны уюштурууну кыргызстандыктар мойнуна алган. Айрым булактардагы маалыматтар боюнча, сауд аравиялык тарап Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясына 7 миллион доллардан ашуун каражат бөлгөн. Аталган уюмдун өкүлдөрү бул маалыматты төгүндөгөн жок. Уюштуруучулардын айтымында, спортчуларга камсыздандыруунун зарылдыгы болгон эмес. Сауд Аравиясы башынан эле бардык медициналык чыгымдарды камсыз кылууга макул болгон. Бирок Sputnik Кыргызстандын кабарчылары “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалынын жобосун кылдат карап чыгып, шайкеш келбестиктерди таап чыкты. Мисалы, 5-пунктта спортчулардын камсыздандыруусун катышкан өлкө, тагыраагы, Кыргызстан өз мойнуна алары жазылган. Бирок кыргызстандыктар камсыздандырылган эмес. Ушул пунктту талкуулоо Нурмат Кайыпов менен журналисттин ортосунда талашка айланды.
Журналист: — Эгер чыгымдардын баарын Сауд Аравиясы көтөрө турган болсо, анда эмне үчүн келишимде ар бир катышкан өлкө спортчуларын камсыздандырууга тийиш деп көрсөтүлгөн?
Нурмат Кайыпов: — Эгер адам өзүн камсыздандыргысы келсе, муну аткара алмак, бул пункт ушул үчүн керек.
Ж: — Ар бир катышуучу өлкө чыгымдарды көтөрөт деп жазылып турат го? Эмнеге спортчу ага каражат сарпташы керек?
Н.К.: — Караңыз, Кыргызстандын атынан 1000-2000дей киши барды, так санын сизге азыр айта албайм. Келишим түзүлгөн федерациялар боюнча, эгер кааласа, алар өз өкүлдөрүн камсыздандыра алышмак.
Ж: — Мында “чыгымын көтөрө алмак” деп эмес, мойнуна алат деп жазылып турат!
Н.К: — Эми алар чыгымын жаба алмак...
Ж: — Жок, “көтөрө алмак” эмес, “көтөрөт” деп жазылыптыр!
Н. К.: — Эми ушул чыгымдарды жапса болмок...
Ж: — Эмнеге анда кыргызстандык спортчулар камсыздандырылган эмес?
Н. К.: — Анткени аларды камсыздандыруунун зарылдыгы жок болчу!
Нурмат Кайыпов келишимдеги Сауд Аравиясы чындап эле медициналык жардамды камсыздоого милдеттүү деген пунктка таянды. Бирок документте “жардам мелдеш өткөрүлгөн жана жашаган жерде” деп белгиленген. Бул пункт да талаш жаратты.
Ж: — Бул пункт эгер спортчулардын кай бири суук тийгизип, бутун кайрып алса, ага жакын жерде нөөмөттөгү врач жардам берерин туюндурат, туурабы? Бирок документте каскадёр жабыркап, ооруканага түшсө, дарылоо чыгымын Сауд Аравиясы жабат деген жобо жок да, чынбы?
Н.К: — Мында жазылган эмес, бирок алар толугу менен камсыз кылат.
Ж: — Эгер бул расмий документ болсо, анда кантип мында жазылбасын?
Н.К: — Келиңиз, факты боюнча алалы. Катышуучу өлкө камсыздандыруу боюнча чыгымдарды мойнуна алат, бирок алар камсыздандырууга милдеттүү деп жазылган эмес, анткени кабыл алган тарап медициналык жактан камсыздап берет...
Ж: — Бирок кеп катышуучулар жашаган жана мелдеш өткөрүлгөн жерлер туурасында гана болуп жатпайбы, туурабы?
Н.К: — Болуптур, бирок адам мелдеш өткөн жерде жаракат алсачы?
Ж: — Жерде.
Н.К.: — Ага жардам бербей коюштубу?
Ж: — Жок.
Н.К.: — Кабыл алган тарап бардык зарыл болгон жардамын көрсөттү. Мындан тышкары, башка учурлар да болгон, алар баш тартпастан, медициналык камсыздоону бүт моюнга алышты.
Ж: — Бирок бул документтерде көрсөтүлбөсө, бул Сауд Аравиянын өз ыктыярыбы?
Н.К. — Жок, бул алар алган милдеттенме.
Нурмат Кайыпов “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этнофестивалы боюнча жобого ылайык, уюштуруу комитети машыгуу жана иш-чара убагында кесепеттер, жаракат алууларга жооп бербестигин баса белгилейт.
Бишкектеги камсыздандыруу компанияларынын бири менен байланыштык. Ал жактан бизге эгер бейтаптын жанында жетишерлик каражат болбосо, анда фирма клиниканын эсебине акчаны которуп берерин түшүндүрүштү. Кандай болгон күндө да камсыздандыруучу ишкана дарылоо акысын өз мойнуна алат.
Сауд Аравиясына болгон сапарга камсыздандыруу акысы канча болорун да эсептеп беришти. Катардагы жаранды 23 күнгө камсыздандырууга 13 доллар (орточо 908 сом) гана төлөнөт. Светлана Аширова каскадёр экенин эске алсак, анын камсыздандыруусу 26 гана доллар болмок, андай шартта камсыздандыруу компаниясы 15 миң доллар төлөп бермек. Бирок каскадёрлорду толук түрдө камсыздандырып коюуга да болмок. Эгер Светланага 77 долларга камсыздандыруу алып беришсе, анда компания 75 миң долларга чейинки дарылоо чыгымдарын жаап бермек!
Мындай жагдай Кыргызстандын аброюна доо кетирет. Австриялык серепчинин пикири
Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясы менен Светлана Аширова эле жаңжалдашкан эмес. “Көчмөндөр ааламы” фестивалынын PR жагын австриялык Майкл Грабнердин Rocket Media Communications компаниясы колго алган. Ал кыргыз тарап аткарылган иш акысын төлөбөй койгонун айтат.
"Фестивалдын жүрүшүндө Асхат Акибаев аябай сылык мамиле жасады, достоштук. Бирок иш-чарадан кийин ал Кыргызстанга, мен Австрияга кайттым. Бардык жарыяланган материалдарга шилтемелер менен отчётубуз болгонуна карабай, ал биздин ишти кесипкөйлүк менен аткарылбады, сапаты төмөн деп баалады", — деп белгилейт ал.
Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынан чындап эле Грабнер менен араздашуу болгонун тастыкташты, алардын жүйөсү боюнча аталган компания милдетин толук аткарган эмес. Ошентсе да австриялык киши кыргыз уюмдары менен соттошпой турганын баса белгилейт.
"Австрияда мен мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен кеңештим. Алар кыргызстандык сотторго кайрылуунун кажети жоктугун, алар коррупциялашканын айтышты", — дейт Грабнер.
Ошондой эле Светлана Ашированын жагдайы боюнча да пикирин билдирди.
"Ал кыздын буту жабыркаганын уккам, бирок Асхат ага сөзсүз кам көрөрүн, байкуш Светланага баарын жасап беришерин айткан. Кийин Светланадан алар эч кандай жардам көрсөтпөгөнүн уктум. Кызык", — деди ал.
Грабнер уюштуруучулардын бул спортчунун өз күнөөсү дегенине ынана бербейт.
"Ошондой кантип болсун? Ал кесипкөй каскадёр катары катышып, жаракат алды. Мында, албетте, ага уюштуруучулар кам көрүшү шарт. Бул эл аралык мыйзам! Алар бул анын күнөөсү деп гана четке чыга бере алышпайт!" — деди ал.
Грабнердин айтымында, бардык каржылык жоопкерчиликти Сауд Аравиясы эмес, кыргыз тарап моюнга алышы керек эле.
"Бул болбогон кеп, себеби Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясы уюштурган, алар бардыгына төлөп берген. Светлана да атка минүү үчүн барган, дегеле ошондо баары ат минип жүрүшкөн. Албетте, кырсык болгон учурда камсыздандыруу болушу керек эле, бирок каскадёр кыздын камсыздандыруусу жок экен", — дейт ал.
Грабнер мындай жоруктар Кыргызстандын беделине доо кетире турганын да белгиледи.
Мени “кара тизмеге” киргизип салышты. Светлананын жан дүйнө кыйкырыгы
Редакциянын экинчи кабатына Светлана он мүнөттө чыкты, ал азыр таяк таянып жүрөт. Аширова иш-чаранын уюштуруучулары Кыргызстанга кайткандан кийин эч кандай көмөк көрсөтүшпөгөнүн айтат. Операциядан кийин калыптанууга эле бир жарым миң доллар сарптаган.
"Азыр ден соолугумдан улам иштей албайм, азырынча мени туугандарым багып жатат. Негизи орус, кыргыз, англис, итальян тилдерин билем, андыктан, котормочу болуп иштей алам", — дейт ал.
Конфедерациянын өкүлдөрү Светлана менен байланышууга бир нече ирет аракет кылышканын, бирок анын сүйлөшпөй койгонун билдиришти. Аширова өз чындыгын далилдөө үчүн журналисттердин көзүнчө Асхат Акибаевге телефон чалып көрдү. Бирок жооп болгон жок.
"Терс пикир окугум келбейт. Ал байланышпайт, биз чалсак жооп бербейт, биз ага көп ирет кайрылдык. Асхат Акибаев келери менен телефон чалып, кандай дары-дармек, физиопроцедуралар керектигин сурап, сметасын даярдоону өтүнгөн. Биз акча бөлүп бермекпиз. Ал кийинчерээк кабарларын айткан, бирок андан кийин биз чалганда жооп бербей калды", — дейт Соклакова.
Ушундай эле пикирин Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясынын долбоорлор жетекчиси Айнура Темирбекова да билдирген. Ал аталган уюм Ашировага жардам берүүгө даяр экенин ырастаган, бирок бул материал даярдалып жаткан убакыт аралыгында Светланага алардан эч ким байланышкан эмес.
Ушул тапта Этнооюндар дүйнөлүк конфедерациясына карата тергөө жүрүп жатат. Ишти Бишкектеги Свердлов РИИБ, ошондой эле Каржы полициясы кароодо.