00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
5 мин
Күн башат
Автоматтык станциялар жөнөтүлгөн: Кыргызстан кантип СССРдин космостук жеңишинин бир бөлүгү болду
09:05
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как строится экспорт из Кыргызстана в страны ЕАЭС и что мы туда продаем
10:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жылуулук тармактарынын 68,6 пайызынын эскилиги жетти: кандай чаралар көрүлүүдө?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
MedExpo Kyrgyzstan 2026: Россия менен медицина тармагындагы кызматташтык
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Магия кадра: почему одни снимки становятся легендами, а другие исчезают в ленте
12:05
29 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:05
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда 142 эркек ажырашкан аялына алимент төлөтүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековКызын жетелеп бараткан адам. Архив
Кызын жетелеп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутат Таалайбек Масабиров аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан фактылар бар экенин белгилеп, алардын санына кызыккан.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Бул туурасында парламенттин жыйынында Сот департаментинин директорунун орун басары Таалайбек Мукалиев билдирди.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кечээ, 27-ноябрда, "Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Талкуу учурунда депутат Таалайбек Масабиров азыркы учурда аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан фактылар бар экенин белгилеп, алардын санына кызыккан.

"Ушул тапта аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турат. Ошол эле учурда кандайдыр бир себептерден улам алимент өндүрүү өтүнүчү менен кайрылбаган эркектер да бар", — деп жооп берген Мукалиев.

Мыйзамдын демилгечилеринин бири Айсулуу Мамашованын айтымында, Конституциянын 36-беренесине ылайык, ар бир баланын дене бою, акыл-эси, руханий, адептик жана социалдык жактан өнүгүүгө укугу бар. Баланын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилиги ар бир ата-эненин мойнунда. Бирок баары эле бала багуу боюнча ата-энелик милдеттерин так аткарбай жатышат.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун сот аткаруучусу Эмил Ачикеев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Ачикеев: алимент төлөөдөн баш тарткандардын мүлкү камакка алынат
Сунушталган мыйзамга ылайык, минималдык алименттин өлчөмү 1800 сомго чейин көбөйтүлөт. Алимент төлөөдөн качып жүргөн адамдар соттун чечими менен гана чет өлкөгө чыга алат.

Сот департаментинин директорунун орун басары алимент төлөбөй жүргөн айрым адамдардын карызы 400-500 миң сомго чейин жеткенин белгиледи. Мындан улам сот аткаруучуларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында штатын дагы 177 бирдикке көбөйтүп жатканы белгилүү болду.

Статистикалык маалыматтарга караганда, соңку үч жылда ажырашуунун саны улам өсүп барат. Мисалы, 2018-жылы өлкөдө 49 579 жубай никеге турса, 10 434 ажырашуу катталган. Мамлекеттик органдарга былтыр эле 11 700 адам алимент өндүрүп берүүнү сурап кайрылган. Ал эми жалпы саны 40 637ге жетет. Анын ичинен алимент төлөбөгөн 831 киши издөөдө жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0