Сооронбай Жээнбеков 29-ноябрда Ташкентке учат

Жазылуу
Экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болот.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Орто Азия мамлекет башчыларынын экинчи консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн 29-ноябрда Ташкентке учат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков бүгүн, 25-ноябрда, маалымат жыйын учурунда билдирди.

Жолугушууга Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстандын президенттери жана Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин катышары айтылды.

"Жолугушуунун күн тартибине саясий, соода-экономикалык, инвестициялык, транспорт жана коммуникациялык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы аймактык кызматташууну кеңейтүү маселелери киргизилген. Иш-чаранын соңунда жыйынтыктоочу декларация кабыл алынат", — деди Сыдыков.

Мындан тышкары, экинчи консультативдик жолугушуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу жолугушуусу болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0