Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПамятник государственному деятелю Насирдину Исанову в Бишкеке
Памятник государственному деятелю Насирдину Исанову в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү түнкүсүн республиканын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. 25-ноябрда күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондоруна туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -1...-6, Нарында 0...-5, Ысык-Көл жергесинде -2...-7 градус суук болот.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында -2…+3 градус болот.

Бишкекте эртең менен жана күндүз кар жаап, күндүн табы -1…-3 градус болсо, Ош шаарында жамгыр, кар жаап термометрдин көрсөткүчү -1…+1 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0