00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:08
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
10 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
20:11
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өзүң кыла албасаң унчукпа. Сын айтуу этикети

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүЧемпионат мира по волейболу среди мужчин между сборными Сербии и США
Чемпионат мира по волейболу среди мужчин между сборными Сербии и США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Албетте, сын жакшы нерсе, аны уккан киши катачылыктарын оңдоп, жакшырууга аракет жасайт. Кыскасы, сын дүйнөнү бир аз болсо дагы жаркыныраак кылууга жардам берет.

Бирок ошол эле учурда аша чаап сын айткандар дагы бар. Мисалы, өзү сөз кыларлык эч нерсе жасай элек, жасагандардын ишин эч качан жактырбайт. Адатта мындай кишини эч ким сүйбөйт.

Бүгүн окурмандарга сынды туура айтуу маданияты боюнча этикет мугалими Нуржан Исмаилова ой бөлүштү.

Конструктивдүү сын-пикир

Конструктивдүү сын-пикир деген түшүнүктү угуп эле жүрсөңүз керек. Муну өзгөчө саясатчылар көп колдонушат. Бул эмнени түшүндүрөт? Эгер сиз бирөөгө сын тагып жатсаңыз, демек кантип андан жакшыраак кылуунун жолун дагы билишиңиз керек. Тагыраагы, сынды жүйөлүү айтып, аны азыркыдан туурараак кылып чечүү жолун дагы сунуштай билиңиз.

Наалый бербе

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялдын өң-келбетине күлө көрбө. Тамашалашуу этикети
Психологдордун айтымында, башка бирөөгө көп сын таккан адамдардын басымдуу бөлүгү жан дүйнөсүндө өзүнө нааразы болбогондор. Мындай жол менен ал адамдар бирөөнүн катасынын фонунда өзүнүн идеалдуу экенин далилдегиси келе берет. Андыктан бирөөгө сын айтардан мурда "Мен муну эмне себептен айтып жатам? Бул сын аны угуп жаткан адамга же өзүмө пайда алып келеби?" деп ойлонуп көрүңүз. Болбосо айланадагыларга бекер эле жаман көрүнүп калышыңыз ыктымал.

Туура кабыл ал

Сынды туура кабыл алып, өз пайдаңа иштетип алуу дагы өзүнчө бир талант. Анткени адам баласы жаратылышында анын кемчилигин айткан кишини жактыра бербейт. Айрымдар душман көрүп алат. Андыктан айтылган ойду туура анализдеп, пайдалуусун иргеп алганды үйрөнүңүз.

Жети өлчөп...

Кээ бир учурда айланадагылардын баарына жагып жаткан нерсе бир гана сиздин көңүлүңүзгө толбой туруп алган учурлар болот. Мунун ар кандай субъективдүү себептери көп. Бирок көпчүлүктүн пикирин эске алуу керек. Мисалы, жаңы келген кесиптешиңиз бүтүндөй офиске жагып, бир сизге жакпай жатса, сыныңызды ичиңизге кармап турганыңыз эле оң. Ошончо адамдын купулуна толуп турса, демек анын чындап эле мыкты сапаттары көптүр. Бардыгын убакыт көрсөтөт.

Колуңан келбесе унчукпа

Футбол күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичип алып элдин айласын кетирбе! Күйөрмандын этикети
Кээде социалдык тармактарды карап отуруп, кээ бир адамдардын жашоо образына таң каласың. Тим эле бирөөгө сын айтуу үчүн жаралгандай. Өзү кеп кыларлык эч нерсе жасай элек, бирок жасагандардын ишинен сөзсүз кемчилик табат. Достор, өзү, үй-бүлөсү, жакындары, балким, коом үчүн бир нерсе кылып жаткан адамды сындагандан мурда "Мен эмне иш кыла алдым?" деген суроону өзүңөргө берип көргүлө. Сын-пикир, сунуштар андан кийин гана кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0