Ичип алып элдин айласын кетирбе! Күйөрмандын этикети

Жазылуу
Sputnik апта сайын "Этикет" рубрикасынын алкагында коомчулук жүргөн ар кайсы жайларда жана жагдайларда өзүн-өзү татыктуу алып жүрүүнүн эрежелери менен тааныштырат.

Саналуу күндөрдөн кийин кыргыз футболчулары алгач япониялык, андан соң тажикстандык атаандаштары менен беттешет. Эки оюнду тең футбол күйөрмандары чыдамсыздык менен күтүүдө.

Камыр жайып жаткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кайната менен сөз талашпа. Кайын журт менен таанышуу этикети
Бирок аз жерден кыргызстандыктар курама команданын япониялыктар менен беттешин көрбөй кала жаздады. Анткени Кыргызстан — Мьянма командаларынын Бишкектеги беттешинде фанаттардын бири оюн талаасына чуркап чыгып, анын айынан биздин федерацияга айып салынып, келерки оюндарды күйөрмандарсыз өткөрүү чечимин кабыл алышы мүмкүн эле.

Мындан улам Sputnik Кыргызстан спорт күйөрмандарынын этикетин карап чыгууну туура көрдү. Жазылбаган эрежелер тууралуу этикет мугалими Нуржан Исмаилова айтып берди.

Стадиондун талаптарын сакта

Ар бир футбол талаасынын талаптары болот. Мисалы, сырттан суусундук, тамак-аш, жер-жемиш алып кирүүгө тыюу салынат. Ушул сыяктуу эрежелерди сактаган туура, анткени ал бузулса өзүңүзгө эле жаман. Уюштуруучулар менен кер-мур айтышкандан көрө, сүйүктүү командаңыздын оюнунан ырахат алган жакшы эмеспи.

Айланадагыларга тоскоол болбо

Албетте, күйөрмандык кылган команда ат салышып жатканда эмоцияны басып коюу оңой эмес. Бирок аша чаап эле кыйкырып-өкүрүп, жаныңдагылардын кулагын тундурган дагы туура болбой калат. Ошондой эле баннер көтөрүп күйөрмандык кылууда дагы алды-артты карап оокат кылыңыз. Өтө чоң баннер көтөрүп алсаңыз, арттагыларга оюнду көрсөтпөй тоскоол болушуңуз мүмкүн.

Ичип алып барбаңыз

Спорттук иш-чарага мас болуп алып барууга болбойт. Себебин өзүңүз жакшы билсеңиз керек. Ала күү болуп алып, атаандаштардын күйөрмандарына ызырынып турганыңызды элестетип көрсөңүз. Негизи эле эмоциясы чыңалып турган элдин арасында акыл-эстин тунук болгону жакшы.

Футбол талаасына чыга калбаңыз

Жолдогу автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жөнү жок сигнал берип ачууга алдырба. Айдоочулук этикет
"Атың чыкпаса жер өрттө" деген макал бул жагдайга такыр эле туура келбейт. Ишенип коюңуз, бир нече мүнөттүк "атактуулуктун" артында кыжырланган милиция менен сүйлөшүү жана айып пул жатат. Ал эле эмес, бул нерсе сүйүктүү командаңызга көлөкөсүн түшүрүп, эл аралык уюмдар бүтүндөй федерацияга айып салып коюшу ыктымал.

Атаандашты сыйлоо

Албетте, ар бир күйөрман атаандашты моралдык жактан басмырлап, өз командасына дем-күч бергиси келет. Бирок ар бир өзүн сыйлаган күйөрман атаандаш командага дагы сый мамиле кылышы зарыл. Мисалы, башка өлкөнүн курама командасы болгон учурда алардын мамлекеттик гимнин тынч туруп угуп, спортчулар оюн талаасына чыккан маалда кол чаап койсо ашыкча болбойт. Ошондой эле алардын дарегине одоно сөздөрдү айтуу дагы туура эмес.

Артыңдан тазалай кет

Ала келген суусундуктун бөтөлкөсүн, отургучка төшөгөн кагазды сөзсүз ала кет. Таштандыны чогулта кетүү бир гана адамдын эмес, бүтүндөй улуттун маданиятынан кабар берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0