00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:58
2 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Не мусор, а ресурс: как войлок и шкуры превращаются в экологичный бизнес
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстандагы курулуш кандай инновациялык чечимдерге муктаж? — курулуш нормалары, илимий изилдөө
09:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан и Таджикистан: что изменил визит Садыра Жапарова в Душанбе
10:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Унааларды милдеттүү камсыздандыруу кандай ишке ашууда? – Көзөмөлдөө жана айып салуу иштери кандай жүрөт?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Начар билим жана коррупцияга каршы күрөш — эмнеге сырттан окууга мораторий кирүүдө?
13:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кайсы өлкөдө пенсиялык система мыкты? Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү пенсиялык системалар
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
От студента до министра: кого выпускает экономический факультет КРСУ
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн геопарк куруу зарыл. Гляцеологдор менен маек
19:06
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Меняющие мир
Маленькие пациенты — большой стресс: как работают детские хирурги
20:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Автоунаанын бажы төлөмү качан арзан болот? Экономика министрлиги түшүндүрдү

© Sputnik / Николай ХижнякАвтомобиль Peugeot 5008
Автомобиль Peugeot 5008 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аткаминер Арменияга жеңилдик берилет деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, бардык тараптарга бирдей шарт болорун белгиледи.

БИШКЕК, 22-ноя. — Sputnik. Эгер 2020-жылдан тарта айдалган унаалар Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдөн алып келине турган болсо баасы арзаныраак болот. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Дастан Кадыров Sputnik Кыргызстан радиосуна интервью берип жатып билдирди.

Ал 2015-жылы Кыргызстан менен Арменияга жеңилдик берилгенин эскертти.

Калькулятор стоимости растаможки автомобиля (кырг.) - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдан баштап сиз ала турган автоунаа канчага сатылышы мүмкүн? Калькулятор
Министрдин орун басарынын айтымында, ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн алып келинген автоунааларды киргизүүдөгү бажы төлөмүн жеңилдетүү мөөнөтү 2020-жылы аяктагандан кийин Кыргызстанда унаалардын баасы асмандайт деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

Кадыров чыкканына жети жылдан ашпаган, башкача айтканда, 2014-жылдан берки маалда чыккан автолор үчүн жеңилдетилген режим иштей турганын белгиледи.

Аткаминердин маалыматында, мындай унаалар учурда бир куб сантиметри 0,9 доллар ставка боюнча жол-жоболоштурулууда. Мисалы, кыймылдаткычынын көлөмү 2500 куб сантиметр болгон Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны келерки жылдан тарта жол-жоболоштуруу суммасы 2250 долларды (бажы ставкасы 20 пайыз) түзөт.

"Тагыраагы, бажы төлөмү 2250 доллар туруп, ага кошумча нарк салыгы кошулат", — деди аткаминер.

Муну менен катар 12 пайызды түзгөн кошумча нарк салыгын төмөндөтүү маселеси каралып жатат. Бул чыкканына жети жылдан ашпаган унаалар үчүн иштейт.

Ал эми жети жылдан ашык убакыт мурда чыккан унаалардын бажы төлөмү (мисалы, ошол эле көлөмдөгү унаа) алты миң долларга чейин жогорулашы мүмкүн.

Стоянка у терминала Международного автомобильного оператора (ICO) в Зебрюгге - Sputnik Кыргызстан
Бажы акысы баары бир кымбаттамай болду, унаа базарын кандай күн күтөт. Пикирлер
"Үчүнчү өлкөлөрдөн жаңы унааларды алып келүү пайдалуу болуп калат. Ал эми жети жылдан ашык убакыт мурда чыккан унааларды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн бажы төлөмүсүз ташып келсе болот", — деди министрдин орун басары.

Кадыров Арменияга жеңилдик режими берилет деген маалыматтарга ишенбөөгө чакырып, бардык тараптарга бирдей шарт болорун белгиледи.

Ал ошондой эле Кыргызстанга кирген автоунаанын бажы төлөмү кайсы учурда 11 эсеге көбөйөрүн Бажы кызматы маалымдаганын эскертти.

"Мында сөз унааларды жеңилдетилген система менен каттоого алынганы тууралуу болуп жатат. Тагыраагы, техникалык паспорт аркылуу унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө карап бажы төлөмү эсептелет. Эгер ЕАЭБдин бажы кодексинин 108-беренесине ылайык, документтердин бардыгын алып келсе, чыкканына жети жыл боло элек унаалар үчүн жеңилдетилген режим иштейт", — деди ал.

Эгер 2013-жылы чыккан унаанын көлөмү 1300 куб сантиметрди түзсө бажы төлөмү 2000 доллар болот. Учурда бул процедура 1170 долларды түзөт.

Экономика министрлигинин маалымат кызматы бажы органына ЕАЭБдин Бажы кодексинин 108-беренесине ылайык тышкы экономикалык макулдашуу болгонун тастыктаган төмөнкү документтерди алып келүү керектигин айтты:

  • Декларанттын ким экенин тактаган документ (паспорт);
  • Унааны сатуу жана сатып алуу келишими;
  • Транспорттун паспорту;
  • Жеткирүү келишими;
  • Камсыздандыруу келишими;
  • Унаа кайсы өлкөдөн чыкканын көрсөткөн документ.
Жаңылыктар түрмөгү
0