ОШ, 19-ноя. – Sputnik. Ош шаардык төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу башкы дарыгер Зейнеп Исраилова билдирди.
Маалыматка ылайык, үч кыз операция жолу менен 18-ноябрь күнү төрөлдү. Биринчи ымыркай 2,3, экинчиси 2,8, үчүнчүсү 2,1 килограмм салмакта жарыкка келди.
Үч эм төрөгөн эне 31 жашта, Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен айылынын жашоочусу.
Ош шаардык төрөт үйүндө жыл башынан бери жетинчи ирет үч эм төрөлдү.
Виджет news