Кыргыз улуттук өнөрүнүн өнүгүүсүнө эбегейсиз салым кошкон композитор жана аткаруучу Карамолдо Орозов жөн жерден калк арасында "комуз чертүүнүн атасы" деп аталбайт. Sputnik Кыргызстан агенттиги алп комузчу тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.
Комуз күүсү менен чоңойгон бала. Карамолдо Орозов 1883-жылы 17-ноябрда Ысык-Көлдүн күнгөйүндө жайгашкан Корумду кыштагында карапайым үй-бүлөдө жарык дүйнөгө келген. Ага чейин төрөлгөн чүрпөлөрү эрте эле чарчап калгандыктан, болочоктогу комузчуга чоң атасы Токтомамбет деген ысым коёт. Заманбап ой жүгүрткөн сабаттуу киши болгон атасы айылга аты чыккан комузчу эле. Мындан улам Токтомамбет жана анын бир тууган иниси Усуп бөбөк кездеринен эле комуз күүсү менен чоңоюшат. Эки бир тууган тең өсүп, бала кезинен жарыша комуз чертип чоңоюшат. Усуп да кийин эл тааныган белгилүү комузчуга айланат. Атасы улуу баласын билимдүү болсун деген тилек менен жети жашында айылдагы медресеге киргизет. Бул жерде болочоктогу композитор беш жылдай билим алып, арабча жазганды үйрөнөт. Кат тааныган, арабча окуп, жаза да билген кара тору балага айылдаштары Карамолдо деген каймана ат тагышат.
Жаңы заманды мактаган комузчу. Карамолдо Бермет аттуу кыз менен баш кошуп, күүлөрү элге тарап, жашоосу өз нугуна түшө баштаганда кыргыздардын башына кайгы келет. 1916-жылы Үркүн окуясы башталып ата-энеси, туугандары менен бирге Кытайга качат. Азаптуу жашоо муну менен гана токтоп калбай бөтөн жерде жүргөн кезинде жубайы каза табат. Качан гана кыргыз жерине жаңы заман орногон кезде өз мекенине кайтып келет. Алгач Нарын облусундагы Ат-Башы районунда эки жылча жашайт. 1919-жылы гана киндик каны тамган Корумду айылына келет. Карапайым калктын эркиндикке, теңдикке жеткени үчүн кубанычы койнуна батпай жаңы заманды мактаган чыгармаларды чыгара баштайт. Владимир Ленинге арнап "Жетекчибиз Ленин", колхоздоштурууну мактаган "Колхоз Камбарканы", элди эмгекке чакырган "Эпкиндүү шыңгырама", "Желдирме" күүлөрүн жаратат.
СССРге таанылган күүчү. Карамолдо Орозов 1931-жылы чыгармачылыгын элге тартуулоо үчүн Фрунзе шаарына көчүп келет. Ушул жылдан тартып Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театрында комузчу жана күү чыгаруучу автор катары эмгектене баштайт. Арадан төрт гана жыл өткөн соң анын залкар чеберчилиги жогору бааланып Кыргыз АССРинин эл артисти деген наамга ээ болот. 1935-жылы Улуттук филармония жаңы ачылып, комузчу кесиптештери менен бирге ошол жакка которулат. Ал жерде иштеп жүргөн кезинде Москвадагы кыргыз маданий декадасына катышып, эл аралык сынактарда байгелүү орундарга ээ боло баштайт. Эми улуу комузчунун аты кыргыз эли гана эмес, жалпы союзга таанылат. Мындан улам 1939-жылы элдик музыка менен алектенгендердин арасынан биринчилерден болуп СССР композиторлор союзуна мүчө болот.
Тарыхта калган күүлөр. Чындыгында эле Карамолдонун күүлөрү стилдик өзгөчөлүгү, композициялык түзүлүшү, көркөмдүк формасы жагынан башка чеберлердин чыгармаларынан айырмаланып турган. Ал күүлөрү аркылуу коомдук абалдын оордугун, калктын турмушун, муңун, кубанычын жана мекенинин кооздугун сүрөттөгөн. Карамолдо 1928-жылы Токтогул Сатылганов менен биринчи жолу жолугуп, күүлөрүн чертип берген экен. Ошондо улуу акын "Ыр бизде, күү силерде экен" деп талантына жогорку баасын бергени айтылат. Комузчу өзү "Сыздат" аттуу күүсү тууралуу "Бул күүдө өткөн замандагы бай-манаптардын "өлсө кунсуз, сатса пулсуз" дешип, кедей-кембагалдарды эзгендерин, алардын ичтен сызган армандарын, муң-кайгыларын баяндап черткем", — деп айткан жайы бар. "Күү — адамдын жаны" деген улуу комузчунун белгилүү "Камбаркан", "Кербез", "Ботой", "Көкөй кести", "Сынган бугу" жана "Насыйкат" сыяктуу чыгармалары кыргыз музыкасынын алтын фондусунан татыктуу орун алган. Ошондой эле "Жаа – Толгоо", "Келиндердин кер толгоо" аттуу күүлөрүндө аялдардын турмушун, "Такмаза", "Мас күйөөдө" мыскыл-тамаша түрүндөгү күлкүлүү окуяларды сүрөттөгөн. Карамолдо бул күүлөрдүн негиздерин бирин-серин кайрыгы бар элдик обондордон алып, аларды толук форма жана мазмунга ылайык иштеп чыккан.