БИШКЕК, 15-ноя. — Sputnik. Мэрия шаардыктарды 16-ноябрда ишембиликке чакырат.
Муниципалитеттен кабарлашкандай, тургундар өздөрүнүн үйү же кеңсеси турган аймакты иретке келтириши керек.
"Калган аймактарды өз күчүбүз менен тазалайбыз", — деп айтылат маалыматта.
Каалоосу бар тургундар акимдердин турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча орун басарлары менен байланышып, кайсы аймактарды тазалоо керектигин сураса болот.
Кимге кайрылуу керек:
- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;
- Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;
- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;
- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.