Салянова Текебаев менен Чотоновдун сотунда суракка алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековБрифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой
Брифинг экс-генерального прокурора Аиды Саляновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жактоочу Аида Саляновадан Текебаевдин иш бөлмөсүн көргөн-көрбөгөнүн сурады. Андан сырткары, Модиндин иш бөлмөдөн тартып алган сүрөтүн карап көрүүнү өтүндү.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун соту болуп, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова күбө катары суралды.

Салянова 2010-жылы 13-майда Текебаев Венеция комиссиясынын мүчөлөрү менен тегерек столго катышып, андан кийин өкмөт үйүнө жыйынга кеткенин айтты. Андан сырткары, Конституциялык кеңештин жыйынына келгенин кошумчалап, ал жакта саат 21:00гө чейин болгонун билдирди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Саляновадан Текебаевдин иш бөлмөсүн көргөн-көрбөгөнүнө кызыгып, Алексей Модин тартып алган сүрөттү карап көрүүнү суранды. Өз кезегинде мурдагы башкы прокурор Текебаевдин иш бөлмөсү башкача көрүнөрүн жана сүрөттөгү кабинет ал эмес деп жооп берди.

Текебаев менен Чотоновдун иши

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге жана башка адамдарга карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү ("Коррупция") жана 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттарында ("Алдамчылык") камтылган белгилер боюнча кылмыш ишин козгогон.

Пересмотр уголовного дела в отношении Омурбека Текебаева в Первомайском суде - Sputnik Кыргызстан
Текебаев менен Чотоновдун үй камактагы мөөнөтү узартылды
Козголгон кылмыш иштин алкагында Текебаев менен Чотонов кармалган. Россиялык бизнесмен Леонид Маевский Текебаев "Альфа Телеком" (Megacom) компаниясынын башкармалыгына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн бир миллион доллар алды деп айтып, депутаттын үстүнөн арыз жазган. 16-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Текебаевди коррупция боюнча күнөөлүү деп таап, сегиз жылга эркинен ажыраткан. Шаардык сот жана Жогорку сот өкүмдү күчүндө калтырган.

Бирок 2019-жылы 29-августта Жогорку сот ишти карап, саясатчыларды үй камагына чыгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0