Кафе, авиакасса, банк... Жогорку Кеңештин имаратында кимдер ишкерлик кылат?

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин имараты. Архив
Жогорку Кеңештин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин имаратында ишкерлик кылган бир нече ишкана бар. Алардын катарына банктар, ашканалар, авиакасса жана дарыкана кирет.

Буга чейин Sputnik Кыргызстан өлкөнүн аймагында ишкерлик кылган компаниялар, алардын ээлери, мамлекетке төлөгөн салыктары тууралуу жазып келген. Ал эми бүгүн өлкөдөгү эң негизги имарат — Жогорку Кеңештин ичинде кимдер ишкерлик кыларына саресеп салып көрдүк.

© Sputnik / Бегимай БакашеваАптека внутри здания Жогорку Кенеша
Парламент имаратындагы дарыкана - Sputnik Кыргызстан
1/2
Парламент имаратындагы дарыкана
© Sputnik / Бегимай БакашеваАвиакасса внутри здания Жогорку Кенеша
Парламент имаратындагы Glavtour Bishkek авиакассасы - Sputnik Кыргызстан
2/2
Парламент имаратындагы Glavtour Bishkek авиакассасы
1/2
Парламент имаратындагы дарыкана
2/2
Парламент имаратындагы Glavtour Bishkek авиакассасы

Кызыгы, ушундай аттуу-баштуу жерде бизнес кылгандар айына ар бир чарчы метрине 200 сомдун тегерегинде гана акы төлөйт. Атургай 40 сомго жетпеген акча төлөгөндөр дагы бар. Алар кимдер десеңиз, макалага көз жүгүртүп коюңуз.

Маалымат Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынан жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунан алынды. 

Жогорку Кеңештин имаратында ишкерлик кылган тараптар
Кафе, авиакасса, банк... Жогорку Кеңештин имаратында кимдер ишкерлик кылат? - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин имаратында ишкерлик кылган тараптар

Парламентке кантип "кирсе" болот?

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги эң көп салык төлөгөн 20 кафе менен ресторан. Тизме
"Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө" жобого ылайык, кайсы гана мамлекеттик имарат болбосун, ижарага берилчү аянты болсо, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду аукцион жарыялайт. Ага каалоочу компаниялар же ишкерлер катышып, өз шарттарын сунуштайт. Эң пайдалуу сунуш ээси жеңүүчү деп табылып, имарат кайсы ишканага тиешелүү болсо, ишкер ошол мекеменин жетекчиси менен келишим түзөт. Азыркы мисалда ижарага алчу тарап Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы менен иш алып барат. Талапка ылайык, ижарага берүү келишиминин мөөнөтү үч жылдан ашпоого тийиш. Андан соң ал жер башка ишкерге берилип, же ошол эле тарап менен жаңы келишим түзүлүшү шарт.

Алар кимге кызмат көрсөтөт?

Парламенттин имаратында жайгашкан ишканалар депутаттарга, Жогорку Кеңештин жана КР президентинин аппарат кызматкерлерине кызмат көрсөтөт.

Ижара баасын ким аныктайт?

Мамлекетке тиешелүү имаратта орун алып ишкерлик кылгандар ижара акысын Экономика министрлиги аныктаган нормаларга ылайык төлөйт. Баса, парламенттин ичинде бизнес кылам десеңиз, ар бир чарчы метрине 200 сомдун тегерегинде акча төлөйсүз. Анык баасы жайгашкан жерине, абалына жараша аныкталат.

Ижара акысы кимдин чөнтөгүнө түшөт?

Компания директору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы банктарга кимдер ээлик кылат. Кожоюндардын тизмеси
Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы келишимди, ижара акысы тууралуу маалыматты Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна макулдашууга жөнөтөт. Ал карап чыгып, макулдугун берет же четке кагат. Мыйзамга ылайык, компания же ишкер төлөгөн ижара акысы толугу менен аталган фонддун эсебине түшүп, андан ары республикалык бюджетке жөнөтүлөт.

Акы төлөбөй иштеген ишкана

Бул жерде акы төлөбөй иштеген бир гана ишкана бар — ал "Кыргыз почтасынын" филиалы. Мамлекеттик ишкана болгондуктан, мыйзамга ылайык, акы төлөөдөн бошотулган.

Ашканалар эмнеге аз төлөйт?

Таблицаны жакшылап карасаңыз, эки ашкана ээлеген аянты чоң экенине карабай азыраак акы төлөйт. Мисалы, 322 чарчы мерт үчүн 12000 гана сом. Тагыраагы, чарчы метр үчүн 40 сомго жетпеген акча. Көрсө, ижара акысын аныктоо инструкциясы боюнча, бир катар жеңилдиктер каралган экен. Биринчиден, режимдик объектидеги тамактануу жайы, экинчиден, жер төлөдө жайгашкан. Жеңилдиктердин үчүнчү себеби — ашкана кызматкерлер тамактанган учурда гана иштейт. Ага сырттан эч ким кирбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0