БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 9-ноябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Гидрометеорология агенттигинен маалымдашты.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус болсо, Нарында +6…+11, ал эми Ысык-Көлдө +5…+10 градус болору айтылды.
Бишкекте күндүн табы +10…+12 градуска чейин көтөрүлсө, термометр Ош калаасында +11…+13 градусту көрсөтөт.