Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишемби күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2-ноябрда республиканын айрым жерлеринде жамгыр жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, ал эми Ысык-Көл жана Нарын аймагында +12...+17 градус  болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жамгыр жаашы мүмкүн. Күндүн табы борбор калаада +16...+18 жана Ошто +18...+20 градус болору маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0