Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Жума күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. 1-ноябрда республиканын айрым аймактарында жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй жана Талас жергесинде +14...+19, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20, ал эми Ысык-Көл аймагында +12...+17 жана Нарында +11...+16 градус жылуу болот.

Борбор калаада жамгыр жаашы мүмкүн, ал эми Ош шаарында күн ачык болот. Күндүн табы Бишкек жана Ошто +16...+18 градус болору айтылды.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0