БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Борбор калаанын 6-кичирайонундагы жаңгак токоюна көп кабаттуу үй курулуп жатканына нааразы болгон тараптар Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.
Алар эгер көп кабаттуу үй курулуп калса, жанындагы үйлөрдү күндүн жарыгынан тосуп, унаа токтото турган жер калбай калат деп тынсызданууда. Митингдин катышуучулары буга чейин бир нече жолу прокуратурага кайрылганын, бирок андан жыйынтык чыкпаганына нааразычылыгын билдиришти. Мындан улам "Мыйзамсыз курулушка жол берилбесин", "Шаардын прокурору отставкага кетсин", "Прокуратура, парк менен скверди элге кайтарып бер" деген тариздеги лозунгдарды көтөрүп чыгашкан.
Мындан сырткары, митингге жеке менчик жерин, турак жайын алдырып ийип соттон-сотко каттап жүргөн жарандар да кошулган.
Аягында президенттик аппараттан келип акцияга чыккандардын өкүлдөрүн жолугушууга алып кирип кетти.