БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Кытайда 67 жаштагы аял көз жарып, кыздуу болгонун South China Morning Post жазды.
Төрөт үйү ымыркайдын жарык дүйнөгө келгенин тастыктап, наристенин салмагы 2,6 килограмм экенин айтышты.
Ушу тапта жаңы төрөлгөн кыз дарыгерлердин көзөмөлүндө. Мындан тышкары, врачтар аялдын өзүн да төрөөр-төрөгүчө карап турушкан.
Баланын атасы адвокат, ал эми энеси медайым экени белгилүү болду. Жубайлардын үй-жай күтүп калган бир уулу менен кызы жана бир нече небереси бар.
Бул жашы өтүп калган аялдардын көз жарган биринчи учуру эмес. Ага чейин индиялык 75 жаштагы кемпирдин төрөгөнү айтылган.