БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп айтылуу Louis Vuitton үйүнүн аталышын туура эмес айтып алып сынга кабылды.
Окуя ал Канзастагы (АКШ) сумкаларды өндүргөн ишканага барган учурда болгон. Трамп "Виттон" деген сөздү бир нече жолу "Вуттон" деп айткан.
Анын видеосун Diet Prada өзүнүн Instagram-аккаунтуна жарыялады.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Колдонуучулар бул үчүн Трампты сындап жатышат. Белгилүү стилисттер менен блогерлер "өлкө башчыга бул сөзү үчүн импичмент жарыялоо керек" деп тамашалашты.