Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ФФКРАлыкулов Гүлжигит Жаныбекович
Алыкулов Гүлжигит Жаныбекович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Гүлжигит Алыкулов 2000-жылы 25-ноябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №42 орто мектепти бүтүргөн.

Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун уулу. Агасы Манас Алыкулов — шоумен, тамада. Гүлжигит бойдок.

Футбол менен бала чагынан машыгып келет. "Дордой" клубунун тарбиялануучусу. 2019-жылдан тарта улуттук курама команданын мүчөсү. Кыргызстандын Мьянма жана Монголия менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.

Спорттук карьерасы

  • 2017-2018 — Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон;
  • 2018 — "Кара-Балта" клубунун жогорку лигасында, "Алга" курамында мелдешкен;
  • 2019-жылдан тарта Белоруссиянын "Неман" клубунда ойнойт.
Жаңылыктар түрмөгү
0