1874-жылы 22 өлкөдөн турган Бүткүл дүйнөлүк почта уюму түзүлгөн. Анын ичинде Россия да болгон. Кыргыздар 1863-жылы Россиянын карамагына өткөндөн баштап автоматтык түрдө бул уюмга мүчө болуп калган. Ал эми эгемендүүлүк алгандан кийин, тагырагы, 1993-жылы Кыргызстан аталган уюмга көз карандысыз мамлекет катары кабыл алынган. Бул тууралуу Дамира Орозбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар төрт жыл сайын почта конгресси жыйынга чогулуп, замандын өзгөрүшүнө жараша бүткүл дүйнөлүк почта конвенциясына өзгөртүүлөрдү киргизип турат.
"Учурда Бүткүл дүйнөлүк почта уюмуна 192 өлкө мүчө. Планета боюнча 677 миң почта бөлүмдөрү бар. 6 миллиондон ашык киши почта кызматкери болуп иштейт. Бул уюмга мүчө болуунун бир топ жакшы жактары бар. Алсак, дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн өнүгүү деңгээли ар кандай эмеспи. Мына ушул нерсени эске алып, почта аркылуу кат жөнөтүүнүн тарифтик баасы коюлат. 1969-жылдан бери аталган уюм балдардын сабаттуулугун жогорулатуу үчүн эл аралык дилбаян жазуу сынагын өткөрүп келет. Алдыңкы орунду алган балдар Берндеги штаб-квартирага барып, иш-чараларга катышып, белектерге ээ болушат. Биздин балдар 2016-жылдан бери жылына катышып жатышат. Азырынча дүйнөлүк масштабдагы орунга ээ боло элекпиз", — деди Орозбекова.
Адис республика боюнча 921 почта объектиси бар экенин жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы быйыл 25 жылдыгын белгилеп жаткандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 9-октябрь - Бүткүл дүйнөлүк почта күнү. Ал 1969-жылдан бери белгиленип келет.