БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Бишкекте белгисиз бирөөлөр жаш баланы бычак менен коркутуп арак алдыртканын шаардык милициядан кабарлашты.
Шаар тургуну 3-октябрда саат 6:20лар чамасында белгисиз бирөөлөр 11 жаштагы баладан Масалиев менен Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Глобус" гипермаркетинен арак алып чыгууну талап кылып, андан кийин изин жашырып кеткенин айтып берген.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 202-беренеси - "Каракчылык" боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми 7-октябрда милиция 1999-жылы туулган жигит менен кызды шектүү катары кармаган. Алар убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда кармалгандардын ушул сыяктуу иштерге катыштыгынын бар-жогу текшерилүүдө.
Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.