Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок

© Фото / из личного архива Зияды УсенFacebook компаниясынын баш кеңсесине маалыматтык аналитик болуп эмгектенген Зияда Усен. Архив
Facebook компаниясынын баш кеңсесине маалыматтык аналитик болуп эмгектенген Зияда Усен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тагдыр карапайым кыргыз кызынын багытын дүйнөнүн булуң-бурчу тегиз таанып, тана албай келаткан Facebook компаниясынын баш кеңсесине бурган. Ушул тапта Зияда Усен АКШнын "Силикондук өрөөнүндөгү" Марк Цукербергдин компаниясында маалыматтык аналитик болуп эмгектенет.

Бирок жаңыдан канат күүлөгөн курагында Зияда Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдап, белгилүү продюсердин көзүнө илинүүнү кыялданчу. Океандын ары жагындагы мекендешибиз менен журналист Айнагүл Сапарбек кызы маек курду.

— Зияда, Сизди АКШга эмне жетеледи?

— Көпчүлүк Америкага жакшы жашоону издеп агылат эмеспи. Менин жолум бир аз башкачараак болду. Улуу эжем бир топ жылдан бери Калифорнияда турчу. Ал экөөбүз план түзгөнбүз - Бишкектен медициналык окуу жайды аяктап келип, билимди жогорулатуучу курстан өтүп, Нью-Йоркто медициналык кызматкер болуп иштөө үчүн лицензияга ээ болуу. Бирок Зияданын өзүнүн да купуя тилектери бар эле (жылмайып). Баео жан белем же ашкере кыялкечминби, айтор, дал ушул державада белгилүү ырчы болууну самагам. Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдаганымды, анан белгилүү бир продюсер мени байкап калып, өнөрүмдү баалап, кызматташууну сунуштаганын элестетип кыялданар элем. Бала кезимден тарта сахнада ырдап, студенттик курагымда топтун курамында Бишкектен өлкөнүн түштүк аймактарына чейин гастролдоп келгенбиз. Бул мага аябай чоң турмуштук тажрыйба болгон, жер кыдырып, эл таанып, ажайып кооз өлкөбүздүн алыскы айыл-кыштактарын көрүп чыккам.

Ошентип Америкага өзүмдүн "америкалык тилегимдин" артынан келдим десем туура болор. Кыялдар орундалат!

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен АКШда жашаганына 10 жылдан ашты. Кыргызстандык кыз ушу тапта Facebook компаниясынын баш кеңсесинде маалыматтык аналитик болуп эмгектенет.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен АКШда жашаганына 10 жылдан ашты. Кыргызстандык кыз ушу тапта Facebook компаниясынын баш кеңсесинде маалыматтык аналитик болуп эмгектенет.

— Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдадыңызбы анан? Азыр ырдайсызбы?

— Бир күнү аткарылат деп ишенем. Азыр өзүмчө кыңылдап калам, бирок эл алдына чыга элекмин.

— АКШга келгени өзүңүздөн кандай өзгөрүү байкай алдыңыз? Канча жыл болду, бул өлкөгө отурукташканыңызга?

— Он жылдан ашып барат. Алгачкы эки жыл мекенге, жакындарыма, досторума аябай куса болдум. Ал убакты эстегим келбейт. Өзгөргөнүмдү деле байкай алган эмесмин, себеби өзүмө талдоо жүргүзгөнгө дагы убакыт жок болчу. Таптакыр бөлөк чөйрөгө туш болдум, же бир досум жок, же англис тилин түзүк билбейм десеңиз. Көптү үйрөнүп, көптү окушум керек эле. Акча жагынан да жардам жоктугунан улам колледжде билим алуудан сырткары 2-3 жерде иштөөгө да үлгүрчүмүн. Мекенде жашап жүргөндө көпчүлүгүбүз колубуздагынын баркын билбей турганыбызды дал ошол учурларда аңдадым. Сыртка чыкканда гана башта этибарга албаган нерселерди баалай баштайт экенсиң. Эмгекчилдигим артты, чет өлкөдө жашоо ушуга үйрөтөт адамды. Анан, албетте, жаңы өлкөнүн бардык эреже жана мыйзамдарын өздөштүрө баштайсың.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен: Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдаганымды, анан белгилүү бир продюсер мени байкап калып, өнөрүмдү баалап, кызматташууну сунуштаганын элестетип кыялданар элем...
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен: Нью-Йорктун көчөлөрүндө ырдаганымды, анан белгилүү бир продюсер мени байкап калып, өнөрүмдү баалап, кызматташууну сунуштаганын элестетип кыялданар элем...
 

— Ушул таптагы жашооңузга ыраазысызбы? Же көпчүлүк көксөгөн өлкөдө да адамда бир өксүк болобу?

— Дал Америкага келип отурукташканыма тагдырга абдан ыраазымын. Дал ушул жерде адам өзүн кесипкөй катары көрсөтө алат, мында дүйнөнүн эң мыкты университеттеринде окууга мүмкүнчүлүк бар. Бирок бул оңой-олтоң чыйыр эмес, талбай окуп, көптү үйрөнүп, жергиликтүү салт-санаа, мыйзамдарга көнүп кетүүгө тийишсиң.

Адам умтулса, каалоосу күч болсо, ийгилик багынбай койбойт, бирок анүчүн ачка-ток болсоң да, кыйналып-кысталсаң да баш көтөрбөй окуп, көптү үйрөнө турган жолдорду издөө зарыл. Ар бир өлкө — бул таптакыр жаңы дүйнө, телегейи тегиз жашоону кечирген эч бир мамлекет жок. АКШда мурдагы советтик өлкөлөргө караганда көп нерсе жеңил, бирок ага карабастан, татаалдыктар болбой койбойт. Биз эле эмес, дүйнөнүн ар кыл бурчунан агылган башкалар үчүн деле бул державада жарандык алуу кыйынга турат. Эгер жашоо деңгээлин салыштырсак, албетте, алда канча жогору, бирок ага жетүүнүн баасы да бийик, жолу да татаал.

© Фото / из личного архива Зияды УсенFacebook компаниясынын кызматкери: алгач акча жагынан да жардам жоктугунан улам колледжде билим алуудан сырткары 2-3 жерде иштөөгө да үлгүрчүмүн. Мекенде жашап жүргөндө көпчүлүгүбүз колубуздагынын баркын билбей турганыбызды дал ошол учурларда аңдадым.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Facebook компаниясынын кызматкери: алгач акча жагынан да жардам жоктугунан улам колледжде билим алуудан сырткары 2-3 жерде иштөөгө да үлгүрчүмүн. Мекенде жашап жүргөндө көпчүлүгүбүз колубуздагынын баркын билбей турганыбызды дал ошол учурларда аңдадым.

— Марк Цукербергдин компаниясынын каалгасын кантип ачып алдыңыз?

— Мурдагы ишимден үйрөнө турган нерсенин баарын үйрөнүп болгон соң жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издегим келди. Резюмемди кызыгуу жараткан жумуштардын баарына жөнөтө бердим. Жакын курбуларымдын бири ошол тушта Facebook компаниясында иштечү. Негизи өзүм жолдуумун, анан бардык шарттар да шайкеш келип, интервьюдан (албетте, ал оңой болгон жок) өтүп, иштеп калдым. Баса, бул жакта да байланыш маанилүү, бирок Кыргызстандагыдай деңгээлде эмес...

— Жумушта көңүлүңүздү көкөлөткөн тарабы кайсы? Кайсы жагы көңүл чөгөрөт?

— Facebook жумуш үчүн эң мыкты жер деп табылган. Өлкөмдү дал ушул ишканада таанытып жүргөнүмө сүйүнөм. Анткени Кыргызстан жөнүндө көбү биле беришпейт. Иштөөгө түзүлгөн бардык ыңгайлуу шарттардан сырткары кеңседен эч жакка чыкпай туруп деле көп нерсени үйрөнүүгө бүт мүмкүнчүлүктөр бар.

Жумушта көңүлүмө төп келбеген көрүнүштү табыш кыйын, мында баарына сый мамиле, дайым сенин ойлоруңа кулак салышат, демилгелериңди ишке ашырууга көмөк көрсөтүп турушат.

© Фото / Зияда УсенСнимок кыргызстанки Зияды Усен
Зияда Усендин эмгектери - Sputnik Кыргызстан
1/5
Зияда Усендин эмгектери
© Фото / Зияда УсенСнимок кыргызстанки Зияды Усен
Зияда Усендин эмгектери - Sputnik Кыргызстан
2/5
Зияда Усендин эмгектери
© Фото / Зияда УсенСнимок кыргызстанки Зияды Усен
Зияда Усендин эмгектери - Sputnik Кыргызстан
3/5
Зияда Усендин эмгектери
© Фото / Зияда УсенСнимок кыргызстанки Зияды Усен
Зияда Усендин эмгектери - Sputnik Кыргызстан
4/5
Зияда Усендин эмгектери
© Фото / Зияда УсенСнимок кыргызстанки Зияды Усен
Зияда Усендин эмгектери - Sputnik Кыргызстан
5/5
Зияда Усендин эмгектери
1/5
Зияда Усендин эмгектери
2/5
Зияда Усендин эмгектери
3/5
Зияда Усендин эмгектери
4/5
Зияда Усендин эмгектери
5/5
Зияда Усендин эмгектери

— Жеке баракчаңыздан сүрөт тартканды жактырганыңызды байкадык. Объективиңиз өзгөчөлөнгөн кадрларды кармайт экен... Бул эрмегиңизби?

— Ооба, капыстан эле аралашып, кызыгып калдым. Абдан жакын курбум менен орозо кармадык, ошол маалда эки жакка бирге көп чыкчу болдук. Ал сүрөт тартканды жактырчу. Ооз ачарга чейин Сан-Францискону кыдырып, сүрөт тартуу үчүн кооз жерлерди издейбиз. Аны менен бирге жүрүп өзүм да кызыга түштүм. Ошондон бери мен дагы фотоаппаратты колдон түшүрбөйм. Азырынча жөн гана эрмек, балким кийин чоң бир нерсеге да айланып калар... Негизинен жаратылышты, минимализм чегиндеги архитектураны тартам. Майрам же эс алуу күндөрү көбүнесе океандын жээгинен же шаар аралай сүрөткө кадр издеп жүрө берем.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен: негизинен жаратылышты, минимализм чегиндеги архитектураны тартам. Майрам же эс алуу күндөрү көбүнесе океандын жээгинен же шаар аралай сүрөткө кадр издеп жүрө берем.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен: негизинен жаратылышты, минимализм чегиндеги архитектураны тартам. Майрам же эс алуу күндөрү көбүнесе океандын жээгинен же шаар аралай сүрөткө кадр издеп жүрө берем.

— Кесиптештериңиздин кандай кесипкөйлүк сапатына баа бересиз?

— Кесиптештерим дүйнөнүн ар бурчунан, мага алардын маданияты, ашканасы, дини, өлкөлөрүндө көрө турган жерлердин баары кызык. Сураштырып отуруп, сүрөт тартууга кооз жерлерди табам. Кесиптештеримдин улуттук өзгөчөлүктөрү, каада-салт, үрп-адаттарына берилгенин да баалайм. Компания мындай баалуулуктарды колдоого алгандыктан, улуттук майрамдарды көп белгилейбиз, фестивалдарды өткөрөбүз. Айланамда жалаң акылдуу, чыгармачыл адамдар, алардын демилгеге, креативдүү чечимдерге бай экенине суктанып бүтө албайм.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен: кесиптештерим дүйнөнүн ар бурчунан, мага алардын маданияты, ашканасы, дини, өлкөлөрүндө көрө турган жерлердин баары кызык. Сураштырып отуруп, сүрөт тартууга кооз жерлерди табам.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен: кесиптештерим дүйнөнүн ар бурчунан, мага алардын маданияты, ашканасы, дини, өлкөлөрүндө көрө турган жерлердин баары кызык. Сураштырып отуруп, сүрөт тартууга кооз жерлерди табам.

— Сиздин пикириңизде IT тармагын адам канча убакытта үйрөнүп, ишти алып кете алат? Азыр ушул багыт дүйнөдө кеңири тарап барат, сиз дагы жаштарды, айрыкча кыздарды бул ишке үгүттөөр белеңиз?

— Бул адамдын өз мүмкүнчүлүгү жана аракетине жараша. Менимче, кызыккан жумушуң жаатында тийиштүү билимиң болсо, кыйла жеңил. Бирок эң башынан баштай турган болсоңуз, бир нече жыл кетет го. IT тармагы дагы далай жыл алдыңкы сапта кармалат, андыктан, кызыккандар кол куушуруп калбай, ара жолдо калтырбай окуп, үйрөнө бергени дурус. Кыздар мырзалардан кем калышпайт, себеби кандай көйгөй болбосун, аны чечүүнүн бөтөнчө бир жолун табышат. Эгер жан дүйнөгө жаккан жерде иштесе, анда аялзаты жумуштагы эң оор маселелерди да сонун кылып чечип коет.

— Балалыгыңыз Кыргызстандын кайсы жеринде өткөн?

— Көбүнесе Ысык-Көлдө, атамдын жумушунан улам көп жер котордук. Бирок кичи мекеним — кереметтүү Ысык-Көл. 3-классты аяктаганда Бишкекке көчтүк. Борбордо чоңойдум, инсан катары дал ушул шаарда калыптандым. Жашап кеткен жерлердин бардыгын аябай сагынам, эстегенде жылуу сезимдер аралайт. Ал жакта туугандарым, досторум, классташтар, кесиптештерим бар.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда: Ата-энем, улуу эжем да Америкада, агам Канадада жашагандыктан, Кыргызстанга көп деле каттабай калдым. Көптөн бери бара элекмин. Бирок аябай сагындым.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда: Ата-энем, улуу эжем да Америкада, агам Канадада жашагандыктан, Кыргызстанга көп деле каттабай калдым. Көптөн бери бара элекмин. Бирок аябай сагындым.

— Жакындарыңыз Кыргызстандабы? Аларга, Мекенге болгон сагынычты кантип таркатасыз? Келип турасызбы?

— Туугандарымдын көбү Кыргызстанда. Бир тууган эжем Таласта турат, төрт жээним, жездем бар. Тууган-туушкандарым, досторумду гана эмес, мекенди, өрөөндөрүн, тоолорун, Ысык-Көлдү, таза аба, даамдуу тамактарды, ал тургай, өзүм иштеп кеткен ооруканаларды да сагынам. Куса болбоюн деп улам телефон чалып турам, улуттук тамак-аштарды, анан да ашлям-фу жасап калам. Ата-энем, улуу эжем да Америкада, агам Канадада жашагандыктан, Кыргызстанга көп деле каттабай калдым. Көптөн бери бара элекмин.

— Кайсы жерлерди кыдырдыңыз? Көргөн мамлекеттердин кайсынысынын эмне өзгөчөлүгүн баса белгилейт элеңиз?

— Калифорния, Флоридадан тарта Нью-Йоркко чейин бир топ штатты кыдырдым. Ал эми чет жакка чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Буюрса, Канада, Исландия, Япония жана бир катар европалык өлкөлөргө барып келсемби дейм. Жакында унутулгус, ажайып кооз сүрөттөрдү тартып келем деп толкунданып жүрөм. Нью-Йорк ушунчалык жакын мага, ал жакка барганда өзүмдү үйүмдөгүдөй эркин сезем.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен: Адам умтулса, каалоосу күч болсо, ийгилик багынбай койбойт, бирок анүчүн ачка-ток болсоң да, кыйналып-кысталсаң да баш көтөрбөй окуп, көптү үйрөнө турган жолдорду издөө зарыл. Ар бир өлкө — бул таптакыр жаңы дүйнө, телегейи тегиз жашоону кечирген эч бир мамлекет жок.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен: Адам умтулса, каалоосу күч болсо, ийгилик багынбай койбойт, бирок анүчүн ачка-ток болсоң да, кыйналып-кысталсаң да баш көтөрбөй окуп, көптү үйрөнө турган жолдорду издөө зарыл. Ар бир өлкө — бул таптакыр жаңы дүйнө, телегейи тегиз жашоону кечирген эч бир мамлекет жок.

— Кыргызстандагы жаңылыктарга көз жүгүртөсүзбү?

— Тилекке каршы, убакыттын тардыгынан маалыматтарды калтырбай көрүп, окуп турууга чамам жетпейт. Соңку жаңылыктарды ата-энемдикине конокко барганымда атамдан угам. Абдан мекенчил киши өзү.

— Мекенде орун алган көрүнүштөрдүн кайсынысы менен сыймыктанып, эмнесине кейийсиз?

— Албетте, көп нерсеге, ошол эле жемкорлук, бюджеттик каражаттын бөлүнүшү, ооруканалар менен мектептердин абалын угуп кейибей койбойсуң. Бирок жакында алардын баары оң жагына чечилерине ишенем, анткени биздин эл жакшы жашоого татыктуу. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн адистерди мамлекеттик деңгээлде колдоп, жаңыдан өсүп келе жаткан жаштарга окуп, өнүгүүгө шарт түзүү зарыл. Ушундай керемет өлкөдө жашап туруп эмнеге өз мекениңде өнүгүп, өсүүгө болбосун? Мындай аракет Кыргызстанга пайда келтире турган адистердин сыртка кетишин азайтмак.

Чакан, бирок көз жоосун алган табияты бар дал ушул өлкөдө төрөлүп-өскөнүмө сыймыктанам, тамырыбызды таанып, бизди эмгекчилдикке, ата-бабаны, улууларды, каада-салтты сыйлай билүүгө тарбиялаган ата-энелерге баа берем.

© Фото / из личного архива Зияды УсенЗияда Усен: АКШда көп нерсе жеңил, бирок татаалдыктар болбой койбойт. Биз эле эмес, дүйнөнүн ар кыл бурчунан агылган башкалар үчүн деле бул державада жарандык алуу кыйынга турат. Эгер жашоо деңгээлин салыштырсак, албетте, алда канча жогору, бирок ага жетүүнүн баасы да бийик, жолу да татаал.
Facebook компаниясында иштеген Зияда: телегейи тегиз эч бир өлкө жок - Sputnik Кыргызстан
Зияда Усен: АКШда көп нерсе жеңил, бирок татаалдыктар болбой койбойт. Биз эле эмес, дүйнөнүн ар кыл бурчунан агылган башкалар үчүн деле бул державада жарандык алуу кыйынга турат. Эгер жашоо деңгээлин салыштырсак, албетте, алда канча жогору, бирок ага жетүүнүн баасы да бийик, жолу да татаал.

— Бул турмушта эмнеге жетип, эмнелерди багындыргыңыз келет?

— Албетте, көп нерсеге жетип, көп жер кыдырууну кыялданам, бирок эң башкысы, ата-энем сыймыктана турган инсан болгум келет. Буга болгон күчүмдү жумшайм.

— Беш же он жылдан кийин да IT тармагында иш улайт белеңиз? Же өздөштүргүңүз келген башка бир тармак дагы барбы?

— Алдыдагы 5-10 жыл аралыгында көп нерсе өзгөрөт, заман менен жарышыш үчүн талбай жөндөм-шыгыңды курчута берүү керек. Андыктан, тынымсыз өнүгүп келе жаткан ушул IT индустриясынан эле көрөм өзүмдү. Жакшы да табарың жашыруун эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0