Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүТалаа. Архив
Талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. 5-октябрь, ишемби күнү, Ош, Ысык-Көл, Нарын жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад жергесинде жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Таласта +18...+23, Нарын аймагында +14...+19, Ысык-Көлдө +15…+20, ал эми Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20…+25 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт, күндүн табы борбор калаада +21...+23, Ошто +23…+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Кызыктуу жана маанилүү жаңылыктарды алгачкылардан болуп билгиңиз келеби?
Биздин Telegram-каналга жазылыңыз.
Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0