00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
40 лет аварии на Чернобыльской АЭС: как сегодня живут ликвидаторы из КР
08:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
09:05
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Наука против преступности: российский криминалист - о профессии и её будущем
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Алты жылда товардык балык өндүрүшү 7 эсеге өстү. Кыргызстан балык экспорттоочу өлкөгө айлана алабы?
11:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат — кантип токтотобуз?
13:04
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Депутат профсоюздардын мал-мүлкүн тыкыр текшерип чыгууну тапшырды

Жазылуу
Бүгүн депутаттар "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын долбоорун карап жатышат, ал экинчи окууга киргизилет.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Кыргызстандагы бардык профсоюздардын мал-мүлкүн, чогултулган акчаларын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тыкыр иликтеп чыгышы керектигин жалпы жыйында билдирди.

Бүгүн парламентте "Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын долбоору каралып жатат, ал экинчи окууга киргизилет.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын депутаты, вице-спикер Мирлан Бакиров - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакиров: профсоюздар ачык иштесин деп мыйзамга өзгөртүүлөрдү сунуштадык
Депутат Казакбаев "Профсоюздардын жалпы эсебинде канча акча бар?" деген суроо салды.

Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасынын орун басары Рыскүл Бабаева 700 миң мүчөдөн 2 сомдон гана чогултулуп, жалпысынан 1 миллион 400 миң сом чогуларын айтты.

Эл өкүлү Алмазбек Токторов демилгелүү топтун мүчөлөрү да акчага байланышкан суроого так жооп ала албай жатышканын кошумчалады.

Өз кезегинде Руслан Казакбаев Профсоюздар федерациясынын өкүлүнүн берген жообуна канааттанбай, алардын мал-мүлкүн тыкыр иликтеп чыгууну сунуштады.

"Менден ачык сунуш, биздин профсоюздардын бардыгынын акчаларын, имараттарын бир айдын ичинде Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы текшерип, парламентке келсин. Андан кийин жыйынтык чыгаралы", — деди Казакбаев.

Төрага Дастан Жумабеков бул боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, алар карап жатканын кошумчалады.

Ал эми төраганын орун басары Мирлан Бакиров Профсоюздар федерациясынын өкүлү Бабаева чогултула турган акчалар боюнча депутаттарды жана коомчулукту чаташтырып жатканын айтты.

"Сиз эки сомдон гана жыйналат деп депутаттарды адаштырып жатасыз. Бул жерде бир пайызы эмгек акыдан, 0,25 пайызы эмгекчилердин эс алуу фондусунан жыйналат", — деди Бакиров.

Вице-спикер профсоюзга ар бир киши өз эрки менен биригерин, бул мекеменин негизги максаты эмгекчилердин укугун коргоо экенин кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0