Сокулук милициясынын тергөөчүлөрү жаңы жетекчисине нааразы. Окуя эмнеден ырбаган?

Жазылуу
Облустук милиция июль айынан тарта башчы болгон жетекчи тергөөчүлөргө эмне үчүн жакпай калганын айтып берди.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүлөрү Тергөө кызматынын жаңы жетекчиси Нурдан Орунтаевге нааразы болушууда. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Жамааттын нааразы болгон арызы райондук милициянын башчысына келип түшкөн. Чүй ОИИББ ИИМдин ички иликтөө кызматы менен бирге иликтөө жүргүзүшкөн.

ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Чалдовар" өткөрүү жайында УКМКнын атайын операциясы үзгүлтүккө учурады
Анын жыйынтыгында тергөөчүлөрдү жана тергөө кызматынын жетекчисинин орун басарынын иштеген жерлерин алмаштыруу чечими кабыл алынган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында тергөөчүлөр Орунтаевдин жер тилкелерине байланышкан кылмыш иштерин объективдүү жана сапаттуу иликтеп, ал боюнча маалында чара көрүүнү талап кылганы белгилүү болгон. Аты аталган тергөөчүлөргө жыл башынан бери бир нече жаран нааразы экенин айтышкан. Кайрылгандар тергөөчүлөр кылмыш ишин тергөөдө ашык баш иштерди жасашып, процессуалдык чечимдерди кабыл алууда аны создуктуруп келишкен. Орунтаев бул кызматта 2019-жылдын июль айынан бери иштеп келе жатат.

Учурда ИИМ жаңы тергөөчүлөрдү кызматка алууда.

ИИББ тергөөчүлөрдү иштеп жаткан кызматы боюнча ротация кылуу мыйзамдуу жана алардын макулдугу керек эместигин билдирди.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0