БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Кыргызстандын көк бөрүчүлөрү 20-ноябрда Өзбекстандын Ташкент шаарында өтө турчу дүйнө чемпионатына барбайт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кувватбек Аскарбеков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Ал Кыргызстан мелдешке катышуудан баш тартып жатканынын төрт себебин санап берди.
"Биринчиден, чакыруу дагы деле келе элек. Ал расмий түрдө Тышкы иштер министрлиги аркылуу келиши керек. Экинчиден, турнирдин расмий жобосу жок. Кайсы эреже боюнча өтөрүн билбейбиз. Буга чейин болгон сөздөргө ишене турган болсок, турнир тайказансыз, көкпар эрежелери менен өтөт. Үчүнчүдөн, мелдеш болжол менен 20-ноябрда башталат экен. Ага чейин бир жарым ай калды. Улуттук кураманы аныктоо үчүн эки ай керек. Төртүнчүдөн, тайказан жок болсо, биз принципиалдуу түрдө барбайбыз", — деди ал.
"Көк бөрү менен көкпардын эрежелеринде айырма бар. Эгер калыстар өзүлөрү кайсы эреже боюнча калыстык кыларын билбесе кандай болот?" — деди Аскарбеков.
Бирок эгер чакыруу келип кала турган болсо, анын шарттарын, эрежелерин окуп көрүп, бир чечим кабыл алынарын билдирди.