Улак кучактап тай казанга кулаган Тыналиев. Чүй менен Оштун беттеши сүрөттө

Жазылуу
Чүй облусунун көк бөрү командасы Ош облусунан келген атаандаштарын караандатпай утуп алды. Оюн мындай өңүттө өтөрүн көпчүлүк күткөн эмес. Андыктан Оштун ири эсептик айырма менен артта калганы таң калычтуу болду.

Комуз менен домбраны бириктирип чертип... Көчмөндөр оюндарындагы кызыкдар - Sputnik Кыргызстан
"Манас Ордого" 300 боз үй тигилди. Көчмөндөр оюндарынан кызыктуу кадрлар
Таластагы Улуттук көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү мелдешинин финалына чыккан Чүйдүн командасы Оштун улакчыларын 14:1 эсеби менен утуп, чемпион аталды.

Чүй облусунун командасы буга чейинки оюндарда финалга чыкпай жеңишти колдон чыгарчу. Команданын улакчысы Рустам Тыналиев бул оюнга катуу даярданышканын билдирди.

"Облустун алдыңкы улакчыларынын баарын чогултуп, аттардын да мыктысын тандап алып келгенбиз. Бүгүн ошол чоң даярдыгыбыздын акыбети кайтып жеңишке жеттик", — деди Тыналиев.

Ал эми Ош облусунун командасынын капитаны байыш Ниязов аттары буга чейин алты оюнга чыгып чарчап калганын белгиледи. "Достук" командасындагы күчтүү аттар президенттин кубогунда жаракат алгандыктан, минип чыгышпаганын айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧүйдүн улакчылары оюн башталганда эле дароо эсеп санын ачып, бир улак таштады
Чүйдүн улакчылары оюн башталганда эле дароо эсеп санын ачып, бир улак таштады - Sputnik Кыргызстан
1/13
Чүйдүн улакчылары оюн башталганда эле дароо эсеп санын ачып, бир улак таштады
© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусу күчтүү атаандаш экенин билген чүйлүк улакчылар кан-жанын аябай ойноду
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
2/13
Ош облусу күчтүү атаандаш экенин билген чүйлүк улакчылар кан-жанын аябай ойноду
© Sputnik / Табылды КадырбековКамчыны тиштеп, эңип алган улагын такымга басууга камданып жаткан Чүйдүн белгилүү улакчысы Рустам Тыналиев. Ал Кыргызстандын курама командасында да ойнойт.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
3/13
Камчыны тиштеп, эңип алган улагын такымга басууга камданып жаткан Чүйдүн белгилүү улакчысы Рустам Тыналиев. Ал Кыргызстандын курама командасында да ойнойт.
© Sputnik / Табылды КадырбековКөк бөрүнү көрүүгө жалаң эле эркектер келген жок. Мына минтип бир баласын жетелеп, экинчисин колуна көтөрүп келген аялдар да болду.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
4/13
Көк бөрүнү көрүүгө жалаң эле эркектер келген жок. Мына минтип бир баласын жетелеп, экинчисин колуна көтөрүп келген аялдар да болду.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облусунун улакчылары чабуулун токтоосуз улантып, улакты атаандаштарынын тай казанына үстөкө-босток ыргытып жатты.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
5/13
Чүй облусунун улакчылары чабуулун токтоосуз улантып, улакты атаандаштарынын тай казанына үстөкө-босток ыргытып жатты.
© Sputnik / Табылды КадырбековОштун командасы деле күчтүү улакчылардан куралган. бир тууган Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор, Таши Майлыбашев жана Айбек Темирбаев ойноп жатты. Бирок минген аттары чабал болуп калды.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
6/13
Оштун командасы деле күчтүү улакчылардан куралган. бир тууган Байыш, Манас, Кыяз Ниязовдор, Таши Майлыбашев жана Айбек Темирбаев ойноп жатты. Бирок минген аттары чабал болуп калды.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭламан Нурболот уулу да жеңишке жетелеген салымдарды жасап жатты.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
7/13
Эламан Нурболот уулу да жеңишке жетелеген салымдарды жасап жатты.
© Sputnik / Табылды КадырбековОш облусунун жалгыз улагын команда капитаны Байыш Ниязов таштады.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
8/13
Ош облусунун жалгыз улагын команда капитаны Байыш Ниязов таштады.
© Sputnik / Табылды КадырбековМанас Ниязов улакты жулуп чыгып чаң ызгыткан тейде чаап баратканда аты жыгылып, өзү үстүнөн ашып түштү. Бактыга жараша жаракат алган жок.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
9/13
Манас Ниязов улакты жулуп чыгып чаң ызгыткан тейде чаап баратканда аты жыгылып, өзү үстүнөн ашып түштү. Бактыга жараша жаракат алган жок.
© Sputnik / Табылды КадырбековРайхан Алканов атындагы ипподром 2000 орундукка ылайыкташып салынган. Көк бөрү оюнун көрүүгө келгендер ага да батпай, тегерек четинде тик туруп көрүштү.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
10/13
Райхан Алканов атындагы ипподром 2000 орундукка ылайыкташып салынган. Көк бөрү оюнун көрүүгө келгендер ага да батпай, тегерек четинде тик туруп көрүштү.
© Sputnik / Табылды КадырбековКатуу даярдыкта келген Чүйдүн улакчылары атаандаштарынын айласын кетирип, оюн бүткүчө 14 улак салышты.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
11/13
Катуу даярдыкта келген Чүйдүн улакчылары атаандаштарынын айласын кетирип, оюн бүткүчө 14 улак салышты.
© Sputnik / Табылды КадырбековЧүй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. Аларга медаль, кубок жана 300 миң сом ыйгарылды.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
12/13
Чүй облусунун командасы Улуттук көчмөндөр оюндарынын чемпиону аталды. Аларга медаль, кубок жана 300 миң сом ыйгарылды.
© Sputnik / Табылды КадырбековБул Чүй командасы көптөн күткөн жеңиши болду. Буга чейинки оюндарда финалга жетпей жеңишти колдон чыгарышчу.
Финал турнира по кок-бору в рамках Национальных игр кочевников в Таласской области - Sputnik Кыргызстан
13/13
Бул Чүй командасы көптөн күткөн жеңиши болду. Буга чейинки оюндарда финалга жетпей жеңишти колдон чыгарышчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0