БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Район администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады. Алардын буга чейин мыйзамсыз коюлуп жана иштеп келгени айтылды.
© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат
Борбор калаанын мэриясы "Ала-Тоо" аянтын ал аймактагы чачкын соода менен мыйзамсыз уюштурулуп жаткан оюндардан арылтып жатат
Аталган конструкциялардын ээлери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштери жүргөн.
Мэриядан мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлө тургандыктарын айтышты.
© пресс-служба мэрии города БишкекРайон администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады.
Район администрациясы Жерди колдонуу жана курулуш башкармалыгы менен биргеликте жыгачтан жасалган 10 жайды алып таштады.
Эгерде Бишкек шаарынын тургундары калаадагы мыйзамсыз соода жайларын же жайма базарды көрсө, мэриянын 0 (554) 18-21-85 WhatsApp каналына кабарласа болот.