Токмоктогу полигондо дрифт боюнча турнир өттү.
Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрында каза болгондордун элесине арналып инсталляция орнотулду.
Багам аралдарын каптаган "Дориан" бороону 11 кишинин өмүрүн алып, 13 миңден ашык турак жайды жараксыз абалга алып келди.
Москвада Андрей Стенин атындагы эл аралык фотожурналистиканын жеңүүчүлөрүнүн көргөзмөсү өтсө, Франциянын түштүгүндө "Сары күрмөчөндөр" уюштурган өкмөткө каршы жүрүш болду.
Бишкекте "Ак илбирсти сактайбыз" аттуу эл аралык жарым марафон өттү. Ал эми Калифорнияда (АКШ) жыл сайын иттер арасында уюштурулган Surf-A-Thon мелдеши тартууланды.
Франкфурт шаарында эл аралык автосалон көргөзмөсү ачылды.
Малайзиянын Куала-Лумпур шаарында 99 түгөйдүн үйлөнүү үлпөтү болду. Алар тогузунчу айдын тогузунчу күнүндө баш кошту.

Токмоктогу полигондо дрифт боюнча мелдеш болуп, айдоочулар күч сынашты

Вьетнамда Do Son фестивалы өтүп, фермерлер өстүргөн буйволдорун сынга койду

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда "Soprano Турецкого" коллективи талантын көргөздү

Индияда түшүм майрамына катышкан пилдер

Москванын Чоң театрындагы бий фестивалында өнөр көрсөткөн кытай артисттери

АКШнын Флорида штатындагы "Рэймонд Жеймс" стадионунда өткөн мелдештеги тыныгуу учуру

7/24
© PASCAL GUYOT
Француз полициясынын өрттөнүп жаткан автоунаасы. "Сары күрмөчөндөр" Монполье шаарында каршылык акциясын өткөрүштү.

Жүзүмдөрдүн арасында сүрөткө түшүп жаткан бийкеч. Крымдагы "Викинг" интерактивдүү паркынан бир көрүнүш.

Бишкекте өткөн Москва күндөрүнүн алкагында эки борбордун спортчулары жолдоштук мелдеш өткөрүштү

10/24
© JORGE GUERRERO
Испаниядагы "Каскамаоррас" фестивалынын катышуучулары

Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрында каза болгондор эскерилди

12/24
© HAIDAR HAMDANI
Иракта Мухаррам айынын жетинчи күнүнө арналган иш-чара

13/24
© Bruno Kelly
Бразилиянын Бом Футуро Улуттук токою

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон Шотландиядагы фермалардын биринде

Калифорнияда (АКШ) жыл сайын иттер арасында уюштурулган Surf-A-Thon мелдеши болду

Россиянын президенти Владимир Путин Москва шаардык думасынын депутаттарын шайлоодо

Лондондогу Хитроу аэропортуна конуп жаткан учак

Франкфурт шаарында эл аралык автосалон көргөзмөсү ачылды

Бишкекте "Ак илбирсти" сактайлы аттуу эл аралык марафон өттү. Иш-чарадан түшкөн каражаттын бир бөлүгү ак илбирс байырлаган аймактарды сактоого жумшалат.

Лондондо өткөн мода жумалыгынын ачылуу аземи алдында тери өнөр жайына каршы акция болду

Багам аралдарында болгон "Дориан" бороону 50 кишинин өмүрүн алып, 13 миңден ашык турак жайды жараксыз абалга кептеди.

Куала-Лумпурда 99 түгөй бир күндө баш кошту

Андрей Стенин атындагы фотожурналистика боюнча эл аралык конкурсунун жеңүүчүлөрүнүн эмгектери эл назарына коюлду. Түштүк Африка Республикасынан катышкан Жастин Салливандын "Аралоо" аттуу эмгеги интернет колдонуучулардын баалоосу боюнча мыкты деп табылган.

24/24
© Gerald Herbert
Ардагер Лоуренс Брукс 110 жаш курагын Жаңы Орлеандагы экинчи дүйнөлүк согушка арналган музейде белгиледи
